00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:54
5 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:05
42 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
5 мин
Максимальный репост
Как ваш смартфон стал главным контролером для чиновников в 2026 году
12:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБде курулуш сектору кандай өзгөрүүдө — курулуш материалдары жетишсизби?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему мир становится всё более агрессивным на фоне иранского конфликта - беседа с военным экспертом
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гранттык мүмкүнчүлүктөр жана илим: студенттер менен окумуштуулар үчүн жаңы шарттар
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как товарный знак «Сделано в КР» защитит рынок от подделок
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новое здание и ДНК-тесты: как Кабмин решил реанимировать службу судмедэкспертизы
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Эрдик, намыс, мекен! “Баатырлар карызы” тууралуу ачык маек
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
В Бишкеке предложили поднять тариф на воду почти в четыре раза — расказываем детали
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гранттык мүмкүнчүлүктөр жана илим: студенттер менен окумуштуулар үчүн жаңы шарттар
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт, бирок жыл соңуна чейин 083 медициналык маалым катсыз алмаштырууга болот. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиргендей, акция аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууга 1 389 сом төлөнөт.
Экономика жана коммерция министрлиги мыйзамсыз товар жүгүртүүгө каршы күрөшүү максатында цементке молекулярдык маркалоо киргизүүнү көздөөдө. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Министрлик 1-июндан тарта цементти маркалоону, ал эми 1-декабрдан тарта маркаланбаган продукцияны сатууга тыюу салууну сунуштоодо. Документ продукцияны өндүрүү жана импорттоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле бюджетке салыктын түшүүсүн көбөйтүү максатында иштелип чыкканы белгиленген. Маркалоо жергиликтүү цементке да, импорттук цементке да киргизилиши мүмкүн. Бул өзгөрүүлөрдүн чекене баага кандай таасир этери азырынча белгисиз. Былтыр Казакстан жана Өзбекстандан 1,1 миллион тонна цемент импорттолгон. Ошол эле учурда жергиликтүү заводдон чыккан цементтин бир тоннасы 6,5 миң сом болсо, Казакстандан келген цемент орточо 1 800 сомго арзан сатылган. Молекулярдык маркер цементтин курамына кошулуп, атайын жабдуу аркылуу анын кайдан чыкканын аныктоого мүмкүндүк берет. Бул учурда продукциянын сапаты өзгөрбөйт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков ушу тапта эттин баасы эмне жогору болуп, бирок мал арзан сатылып жатканын түшүндүрүп берди. Анын айтымында, төрт ай ичинде 53 миң баш мал сыртка чыгып кеткен. "Коңшу өлкөлөрдө уйдун эти 1 400 сомго чейин сатылууда. Чет элдиктер өлкөдөн малды арзан ташып кетип жатат, андан биздин ишкерлер пайда көргөн жок", — деди министр УТРКнын "Диалог" берүүсүндө. Акунбеков 10 кластер түзүү үчүн 1,5 миллиард сом каралып жатканын кошумчалады.
Европа биримдиги май айынан тарта Кыргызстандан эл аралык каттамдар боюнча авиациялык чектөөлөрдү алышы мүмкүн. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евробиримдиктин авиация коопсуздугу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Питер Соренсен жана уюмдун Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфлону кабыл алган. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандын авиакомпанияларын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси талкууланган. Касымалиев Жарандык авиация агенттигинин түзүлүшү менен көзөмөл күчөтүлүп, эл аралык стандарттар киргизилгенин белгиледи. Акыркы жылдары жүргүнчүлөрдүн саны 3,9 миллиондон алты миллионго жеткен. Каттамдар 34 миңден 52 миңге чейин көбөйгөн. Кыргызстандагы бардык 11 аэропорт жаңыланып, эки Airbus A321 учагы алынганын конокторго айтып берген. Питер Соренсен акыркы чечим май айында ЕБ комитетинин жыйынында кабыл алынарын кошумчалаган.
Күйүүчү майдын кымбаттоосунан жана Ирандагы кырдаалдан улам АКШ президенти Дональд Трамптын рейтинги болуп көрбөгөндөй түшүп кетти. Бул тууралуу Reuters жүргүзгөн төрт күндүк сурамжылоого таянып РИА Новости жазды. Маалыматта өлкө башчынын колдоо рейтинги 36 пайызга чейин түшүп, рекорддук төмөн деңгээлге жеткени айтылат. "Бул — Трамптын Ак үйгө кайтып келгенден берки эң төмөн көрсөткүчү. Президенттик кызматка киришкенде рейтинги 47 пайыз болуп, өткөн жайдан бери 40 пайыздын айланасында кармалып келген", — деп жазылат кабарда.
Жаңылыктар түрмөгү
0