Кыргызстанга жардам берген Япониядагы шайлоолордун артыкчылыгы

© flickr.com / Osaka_Castle_16Японияда дагы бир өлүм жазасы аткарылды
Японияда дагы бир өлүм жазасы аткарылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Японияда жашап, ал жактагы шайлоолорго күбө болгон Нуржигит Кадырбеков добуштарды соодалоо түшкө кирбеген иш экендигин, эгерде берген убадаңды унутсаң, оңбогондой терс мамилеге кабыларыңды айтып берди.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстанга бүгүн Күн Чыгыш өлкөсүнүн өкмөт башчысы Синдзо Абэ келди. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда, башка суроолордон сырткары, жакында өткөн парламенттик шайлоо туурасында кеп салып, шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. 

Япония Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жараянынын ачык жана демократиялык маанай да өтүшү үчүн Кыргызстандын БШКсына алты миллион долларлык техникалык жардам көрсөткөн. 

Синдзо Абэ менен япончо саламдашкан Атамбаев сакура жөнүндө айтып берди
Күн чыгыш өлкөсүнүн премьеринин сапарынан улам, окурмандарга бул өлкөдөгү шайлоо жараяны туурасында Японияда жашап келген, "Ыйман" коомдук фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдон айтып берүүсүн сурандык. 

— Шайлоо да өттү. Жыйынтыгын саноону адамдарга калтырбай, техникага ишенгенибиз жакшы болду. Болбосо, амал качып кутулбаган адамдардын айынан элдин чыныгы тандоосу менен бийлик санаган добуштар бири-бирибине эп да, төп да келбеген жагдайлар кайталана берип, көпчүлүктүн шайлоодон деле көңүлү калган. Антсе да адамдардын өз добушун, демек беш жылдык жоопкерчилигин болор-болбос акчага бычып, сатып жатканы дагы бар… 

Жапонияда жүрүп, шайлоо жараяндарына далай байкоо салдык. Саясий маарага жетүү үчүн жарыш адеп жана маданият менен жүргүзүлөт. Бир дагы талапкердин ар бир эшикти каккылап, сүрөттөрү басылган календарларды таркатканын көрбөдүм. А бизде, эс алып жаткан учуруңда эшикти тыкылдатып, уят-сыйытты жыйыштырып коюп эле: "Социалдык иликтөө кылып жатабыз. Кайсыл партияга добуш бересиз?" деп сурамжылаганга чейин барышты. Бул эми бейтааныш эле бойдокко кайрылып, чү дегенде эле "кимге үйлөнөсүң?" деп сурагандай бир кеп. Короолорго колонкаларды орнотуп, музыканы жаңырта коюп, "Баланча партиянын талапкери түкүнчө менен жолугушуу болот" деп микрофон менен кыйкырып, кулактын кужурун алуу биздин шайлоолордун кадыресе көрүнүштөрүнөн. Болгондо да шам намазынан кийин, ар ким өз бүлөсү менен тынч отурууну каалаган убакта ушинтишет. Жапонияда күндүзү гана талапкердин сүрөтү орнотулган автоунаа менен микрофондон үгүт сөздөрүн сүйлөп, жашоо кварталдарын аралашканы болбосо, кеч кирген соң "тынч жаткан элдин" бейпилдигин алып, бейсаздык кылышпайт. Жапон талапкерлери, демейде ансыз да эл көп каттаган жерлерде бир колонка менен микрофон орнотуп алып, программаларын тааныштыра беришет. Аларга жарданып, атайын токтоп уккан киши болбосо деле жылмайып, оозу тынбай сүйлөй беришет. 

Японияда добуш сатуу түшкө да кирбейт 

Же аларды кырк чоро баштанып коштогон деле пенде жок. Эч кимге ысык-суугу жок өз арабасын өзү кылдыраткан талапкерлерди карап туруп кээде бооруң ооруйт. Чоң автоунаанын кузовуна чыгып, жанына аялын тургузуп алып ары-бери өткөндөргө кол булгалап жылмайган талапкерлерди көргөм. Кобе шаарынын мэрлигине талапкер базардын чыга беришинде лам деп унчукпастан, тек гана жүргүнчүлөргө жылмая колун сунуп, учурашып турган. Менде учурашкам аны менен… Жапониянын мурдагы премьер-министри Коидзуминин уулуна атаандаш болуп шайлоого аттанган жаш талапкер, өз аты жазылган чоң желек илинген велосипединде баратып, алдынан чыккан ар бир машинеге баш ийкеген эпизодун сыналгылар аябай көрсөтүшкөн. 

Коничива, "Боинг" жана кызыл килем. Сариев япон премьерин тосуп алды
Японияда талапкер болуу үчүн акчадан мурда аброй керек. Адамдар талапкерден казан, очок, трансформатор, жол курууну, суу чыгарууну суранышпайт. Дегеле, бирөө бир талапкерден бирдеме сураганын укпадым. Бирок, добуш алуу үчүн талапкер берген убаданы да оңойлук менен унутушпайт… Болгону, шайлангандардын ар бир кадамы коомчулук көзөмөлдөп тура тургандай тунук система орнотуп алышкан. Бирөө чет өлкөгө чыгып келсе, "Эмнеге бардың? Кайсыл акчаны колдондуң? Канча акча кетти? Ал өзүн актайбы?" деген суроону ар бир шайлоочу жапон бере алат. Ар бирин тыйынына чейин так эсептеп, ачыгын айтууң керек. Интернетке ар бир адам окуй ала турган отчетуңду илип коюшуң керек. "Ишиң болбосун" дегендей мамиле кылсаң, анда эле ишиң чатакка айланат. Жапон талапкерлеринин деле сүрөттөрү илинет. Алар деле убада беришет. Алар деле атаандаштарын сындашат. Бирок, добушту акчага соодалоо түшүнө да кирбейт. Эгер бир талапкер "бир добуш үчүн баланча акча берем" десе, анын карьерасына дароо чекит коюлат. Бардык эле саясий маданияты жогору коомдор үчүн добушту акчага айырбаштоо акылга сыйгыс жапайы көрүнүш. Анткени, акчага намысын сатуу – бул аягы суюк, бузулган аялдарга мүнөздүү көрүнүш. Эч ким ал деңгээлге түшкүсү келбейт…

Жаңылыктар түрмөгү
0