БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанга Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин келишине байланыштуу борбор калаанын бир нече көчөлөрүндө жол кыймылына чек коюла турганын Жол кайгуул кызматы билдирди.
Мындан тышкары, Манас проспектинен резиденцияга чейинки жол, Турусбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки Чүй проспекти, Киев көчөсүнөн Фрунзеге чейинки Абдырахманов көчөсү, Манас проспектинен Абдырахманов көчөсүнөн чейинки Киев көчөсүндө жол кыймылына чектөө киргизилет.
Япониянын премьер-министри 22-28-октябрь күндөрү Борбор Азия мамлекеттерин кыдырып чыкмакчы. Иш сапарынын алкагында өкмөт башчы Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга келиши күтүлүүдө. Кыргызстанга Абэ президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келмекчи.