Жогорку даражалуу конокту эл аралык "Манас" аба майданынан өкмөт башчы Темир Сариев тосуп алды.
Япониянын премьер-министри 22-28-октябрь күндөрү Монголия жана Борбор Азия мамлекеттерин кыдырып чыкмакчы. Иш сапарынын алкагында Күн чыгыш өлкөсүнүн өкмөт башчысы Кыргызстандан тышкары, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндө да болду.
Синдзо Абэнин Кыргызстанга болгон сапары алкагында өкмөт аралык жети документке жана эки меморандумуна кол коюлушу күтүлүп жатат. Кызматташуу боюнча келишим жеке ишканалар менен да түзүлмөкчү.