Жунусов Ибрагим Кожоназарович – өмүр баяны

© Фото / пресс-служба правительства КРЖунусов Ибрагим Кожоназарович
Жунусов Ибрагим Кожоназарович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ибрагим Жунусов 1961-жылы 13-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган.

Билими:

1983 — Ош мамлекеттик университети, музыка факультети.

Эмгек жолу:

1984 – 1986 — Жалал-Абад педагогикалык училищесинде окутуучу;

1986 – 2002 — Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин доценти, окутуучу;

2002 – 2005 — Искусство факультетинин деканы;

2005 – 2007 — Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору;

2007 — Жогорку Кеңештин IV чакырылышына "Ак Жол" партиясынан депутат болуп келген. Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы;

02.2010 – 04.2010 — Мамлекеттик маданият агенттигинин директору;

10.2010 — Жогорку Кеңештин V чакырылышына "Ата-Журт" партиясынан депутат;

12.2010 – 12.2011 — Социалдык маселелер боюнча КР вице-премьер-министри;

12.2011 – 02.2013 — КР маданият жана туризм министри;

2014-жылдын 17-сентябрынан тарта Кыргызстандын Түркиядагы элчиси.

Башка маалыматтар:

Кыргызстандын эмгек сиңирген жана эл артисти наамы бар.

200дөн ашык ырдын автору. Түркияда, Германияда, Голландияда жеке концертин берген. Борбор Азиянын жана Индиянын эл аралык фестивалдарына катышкан.

Үй-бүлөлүү. Кыргыз, орус, түрк жана өзбек тилдерин билет.

Жаңылыктар түрмөгү
0