Карагулов Улан Айтбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина с портфелем в резиденции Президента Кыргызской Республики.
Мужчина с портфелем в резиденции Президента Кыргызской Республики. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улан Карагулов 1979-жылы 30-июлда Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды айылында төрөлгөн. Беш баланын атасы. Жогорку билимдүү.

Билими:

2000 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин "Экономист-финансист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2001-2005 — Кемин районунун мамлекеттик салык кызматынын ага инспектору;

2005-2006 — Кемин району боюнча мамлекеттик салык кызматынын накталай жана башка төлөм, кассалык текшерүү машинасын көзөмөлдөө секторунун башчысы;

2006-2009 — Кемин районунун мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын салык жана төлөмдөргө айып салуу жана чогултууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

2009-2010 — Кемин району боюнча мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын начальниги;

2013 — Кемин районунун мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын салыктагы карыз жана салык текшерүү боюнча айып салуу бөлүмүнүн начальниги;

2017-жылы 14-февраль— Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

2017-жылдын 10-ноябрынан тарта өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Жаңылыктар түрмөгү
0