Шыкмаматов Алмамбет Насырканович — өмүр баяны
13:11 03.02.2015 (Жаңыртылды: 18:04 18.06.2024)
© Sputnik / Табылды КадырбековШыкмаматов Алмамбет Насырканович. Архив
Жазылуу
Фрунзе шаарында 1969-жылы туулган.
1994-жылы Бишкек гуманитардык университетин орус тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык чинине ээ.
Эмгек ишмердүүлүгү:
24.12.2011 – жж. Адилет министри
03.2011 – 12.2011- ж.ж. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору
07.2010 – 12.2010 – ж.ж. Мамлекеттик каттоо кызмат төрагасы
04.2010 – 07.2010 – ж.ж. Мамлекеттик каттоо кызмат төрагасынын милдетин аткаруучу
2005 – 2007 – ж.ж. КР ЖК Төрагасынын жардамчысы
2003 – 2004 – ж.ж. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун консультанты (сот жардамчысы)
2004 – 2005-жж. КР Жогорку сот аппаратынын жарандык иштер боюнча бөлүмүнүн улук консультанты
2002 – 2003-ж.ж. Кыймылсыз мүлккө карата укукту каттоо боюнча мамагенттигинин Жер жана мүлктү каттоо боюнча башкы башкармалыгынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн алдыңкы адиси
1999 – 2002-ж.ж. Свердлов райсотунун Соттук департаментинин сот аткаруучусу.
2015-жылы — "Ата-Мекен" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2011 - 2014 — юстиция министри;
2021 — инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри.
Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы. "Даңк" медалынын ээси.