https://sputnik.kg/20260711/1102361167.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский менен жолукту. Ведомстводон... 11.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-11T16:59+0600
2026-07-11T16:59+0600
2026-07-11T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0b/1102361001_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_be236185be6b661442a10c30b3d24c20.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар Кыргызстан үчүн педагогикалык кадрларды Россиянын жогорку окуу жайларында даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле бул багыттагы кызматташууну өнүктүрүүдө Кыргыз-Россия Славян университетинин жана Россия мамлекеттик социалдык университетинин Ош филиалынын ролун талкуулашты. Кендирбаева президент Садыр Жапаров тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, масштабдуу реформаларды ишке ашырууга ар тараптуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен тар чөйрөдө жолугушту. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу багыттар жана өз ара кызматташтыктын келечеги талкууланды. Туруктуу өнүгүү максаттары – бул 2030-жылга чейин дүйнө өлкөлөрү ишке ашырууга тийиш болгон 17 глобалдык максаттын жыйындысы. Алардын ичинен "ТӨМ 4 – Сапаттуу билим" багыты өзгөчө мааниге ээ болуп саналат. Бул максат ар бир жаран үчүн өмүр бою инклюзивдүү, адилеттүү жана сапаттуу билим алууга шарт түзүүнү көздөйт. БУУ улуттук артыкчылыктарды ишке ашырууда жана билим берүү тутумун өнүктүрүүдө Кыргызстанга жигердүү колдоо көрсөтүүнү улантары белгиленди.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы экинчи жаңы мейкиндик — "Жаштардын креативдүү хабына" барып, түзүлгөн шарттар менен таанышты. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр жаштардын жаңы идеяларын жана демилгелерин колдоо иретинде борборго 100 миң сомдук акчалай сыйлык тапшырды. "Биз жаштар билим алып, өз идеяларын ишке ашыруусу үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Азыр жасалма интеллект, санариптик технологиялар жана чыгармачыл индустриялар заман талабы болуп калды. Оштун жаштары бул өзгөрүүлөрдөн артта калбашы керек", - деди Акаев. "Жаштардын креативдүү хабында" иштөө, билим алуу, жолугушууларды өткөрүү жана эс алуу үчүн бардык шарттар каралган.
16-19-июль күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар кеңешинин XIX жыйыны жана туризмди өнүктүрүү боюнча III Жаштар форуму өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаралар Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагында эки масштабдуу иш-чара биригип өтөт. Иш-чаранын башкы максаты уюмга мүчө өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы достукту жана ишенимди бекемдөө, жаштар туризмин өнүктүрүү жана маданий байланыштарды чыңдоо, туризм тармагындагы инновациялык демилгелерди жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоо болуп саналат. Ага министрлер кабинетинин жетекчилиги, ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, жаштар уюмдарынын, туристтик индустриянын, бизнестин жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышат. Форумдун соңунда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларына жолдончу расмий ка
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар Кыргызстан үчүн педагогикалык кадрларды Россиянын жогорку окуу жайларында даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле бул багыттагы кызматташууну өнүктүрүүдө Кыргыз-Россия Славян университетинин жана Россия мамлекеттик социалдык университетинин Ош филиалынын ролун талкуулашты. Кендирбаева президент Садыр Жапаров тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, масштабдуу реформаларды ишке ашырууга ар тараптуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен тар чөйрөдө жолугушту. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу багыттар жана өз ара кызматташтыктын келечеги талкууланды. Туруктуу өнүгүү максаттары – бул 2030-жылга чейин дүйнө өлкөлөрү ишке ашырууга тийиш болгон 17 глобалдык максаттын жыйындысы. Алардын ичинен "ТӨМ 4 – Сапаттуу билим" багыты өзгөчө мааниге ээ болуп саналат. Бул максат ар бир жаран үчүн өмүр бою инклюзивдүү, адилеттүү жана сапаттуу билим алууга шарт түзүүнү көздөйт. БУУ улуттук артыкчылыктарды ишке ашырууда жана билим берүү тутумун өнүктүрүүдө Кыргызстанга жигердүү колдоо көрсөтүүнү улантары белгиленди.Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы экинчи жаңы мейкиндик — "Жаштардын креативдүү хабына" барып, түзүлгөн шарттар менен таанышты. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр жаштардын жаңы идеяларын жана демилгелерин колдоо иретинде борборго 100 миң сомдук акчалай сыйлык тапшырды. "Биз жаштар билим алып, өз идеяларын ишке ашыруусу үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Азыр жасалма интеллект, санариптик технологиялар жана чыгармачыл индустриялар заман талабы болуп калды. Оштун жаштары бул өзгөрүүлөрдөн артта калбашы керек", - деди Акаев. "Жаштардын креативдүү хабында" иштөө, билим алуу, жолугушууларды өткөрүү жана эс алуу үчүн бардык шарттар каралган.16-19-июль күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар кеңешинин XIX жыйыны жана туризмди өнүктүрүү боюнча III Жаштар форуму өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаралар Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагында эки масштабдуу иш-чара биригип өтөт. Иш-чаранын башкы максаты уюмга мүчө өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы достукту жана ишенимди бекемдөө, жаштар туризмин өнүктүрүү жана маданий байланыштарды чыңдоо, туризм тармагындагы инновациялык демилгелерди жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоо болуп саналат. Ага министрлер кабинетинин жетекчилиги, ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, жаштар уюмдарынын, туристтик индустриянын, бизнестин жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышат. Форумдун соңунда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларына жолдончу расмий ка
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0b/1102361001_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_abf5114f532df6a072e7c1f55d822a5a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио