https://sputnik.kg/20260710/1102338232.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Студенттер ассоциациясынын президенти Бектан Кыдыев “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун алдындагы Impact Team — 2050 эл... 10.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-10T11:00+0600
2026-07-10T11:00+0600
2026-07-10T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102338066_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_137439449ba1158537a65a6b9d2dc258.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Студенттер ассоциациясынын президенти Бектан Кыдыев “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун алдындагы Impact Team — 2050 эл аралык жаштар консультациялык кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Ал аталган кеңеште бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн атынан өкүлчүлүк кылат. Кеңештин экинчи курамынын расмий инаугурациясы Россиянын Обнинск шаарында өткөн “Обнинск NEW — 2026” IV эл аралык жаштар форумунун алкагында өттү. Иш-чарага дүйнөнүн 85 өлкөсүнөн 700дөй делегат катышып, бир миллиондон ашык студент онлайн кошулду. Сынактын жыйынтыгында дүйнө жүзүнөн түшкөн 2000ден ашык өтүнмөнүн ичинен 13 өлкөдөн 13 гана жаш лидер тандалып алынган, алардын катарында Кыргызстан да бар.
Кыргызстанда баштапкы төлөмгө каражаты жетпеген 267 адам Кепилдик фондунун жардамы менен ипотекага үй сатып алышты. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ААКсы билдирди. Маалымдалгандай, фонддун колдоосу менен өлкө жарандары 1 миллиард 352,5 миллион сомдон ашык ипотекалык насыя алып, турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Белгилей кетсек, долбоор 2025-жылдын экинчи жарымында гана ишке киргизилген. Соңку маалда жарандардын ага кызыгуусу артып жатканы байкалат. Тагыраагы, "Келечек" программасы боюнча бардык кепилдиктердин 60 пайыздан ашыгы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында берилген.
Кадамжай шаарында 90 орундуу "Аленушка" балдар бакчасынын курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берүүгө даярдалууда. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, имарат синистрлер кабинети менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын алкагында АРИС тарабынан аркылуу курулду. Долбоордун жалпы баасы 69 млн сомду түздү. Эки кабаттуу бала бакчада заманбап окуу жана оюн бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, ашкана, санитардык түйүндөр жана заманбап жылытуу системасы каралган. Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев объекттин даярдыгы менен жеринен таанышты. Ал тиешелүү мекемелерге бардык уюштуруу иштерин өз убагында бүткөрүп, бала бакчаны 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата расмий түрдө ачуу тапшырмасын берди. Бул маанилүү социалдык объекттин ишке кириши Кадамжай шаарынын тургундары үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатат.
НАТО өлкөлөрүнүн Владимир Зеленскийге көрсөткөн колдоосун уланта бериши бүткүл Украина элине эле эмес, Европа калкына карата да чыккынчылык болот. Бул туурасында британиялык дипломат Иан Прауд X социалдык тармагына жазган. "Путин тынчтыкка басым коет... Бирок Путин НАТОнун опузасынан жалтанып калбайт. Бул түшүнүктүү нерсе. Муну ал жыйырма жылга чукул убакыттан бери айтып келет. Эч ким кулак салган эмес. Ойгонуп, көзүңөрдү ачкыла. Эгерде НАТОнун лидерлери Зеленскийге акыркы украиналык калгыча согуш деп жардам бергенин уланта беришсе, украин жана жалпы Европа элин саткандык болуп эсептелет", — деген ал. Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын НАТОго кириши Россиянын коопсуздугуна доо кетирерин айткан. Ал атайын операциянын себептеринин бири да ушул нерсе болгонун белгилеген. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова мурдараак ЕБ мамлекеттеринин Зеленскийдин бийлигин каржылоону улантуу чечими отко май чачарын, Европага Украинанын тынчтыкта жашашы пайдалуу эместигин айткан эле.
Кыргызстандын Студенттер ассоциациясынын президенти Бектан Кыдыев “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун алдындагы Impact Team — 2050 эл аралык жаштар консультациялык кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Ал аталган кеңеште бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн атынан өкүлчүлүк кылат. Кеңештин экинчи курамынын расмий инаугурациясы Россиянын Обнинск шаарында өткөн “Обнинск NEW — 2026” IV эл аралык жаштар форумунун алкагында өттү. Иш-чарага дүйнөнүн 85 өлкөсүнөн 700дөй делегат катышып, бир миллиондон ашык студент онлайн кошулду. Сынактын жыйынтыгында дүйнө жүзүнөн түшкөн 2000ден ашык өтүнмөнүн ичинен 13 өлкөдөн 13 гана жаш лидер тандалып алынган, алардын катарында Кыргызстан да бар.Кыргызстанда баштапкы төлөмгө каражаты жетпеген 267 адам Кепилдик фондунун жардамы менен ипотекага үй сатып алышты. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ААКсы билдирди. Маалымдалгандай, фонддун колдоосу менен өлкө жарандары 1 миллиард 352,5 миллион сомдон ашык ипотекалык насыя алып, турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Белгилей кетсек, долбоор 2025-жылдын экинчи жарымында гана ишке киргизилген. Соңку маалда жарандардын ага кызыгуусу артып жатканы байкалат. Тагыраагы, "Келечек" программасы боюнча бардык кепилдиктердин 60 пайыздан ашыгы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында берилген.Кадамжай шаарында 90 орундуу "Аленушка" балдар бакчасынын курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берүүгө даярдалууда. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, имарат синистрлер кабинети менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын алкагында АРИС тарабынан аркылуу курулду. Долбоордун жалпы баасы 69 млн сомду түздү. Эки кабаттуу бала бакчада заманбап окуу жана оюн бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, ашкана, санитардык түйүндөр жана заманбап жылытуу системасы каралган. Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев объекттин даярдыгы менен жеринен таанышты. Ал тиешелүү мекемелерге бардык уюштуруу иштерин өз убагында бүткөрүп, бала бакчаны 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата расмий түрдө ачуу тапшырмасын берди. Бул маанилүү социалдык объекттин ишке кириши Кадамжай шаарынын тургундары үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатат.НАТО өлкөлөрүнүн Владимир Зеленскийге көрсөткөн колдоосун уланта бериши бүткүл Украина элине эле эмес, Европа калкына карата да чыккынчылык болот. Бул туурасында британиялык дипломат Иан Прауд X социалдык тармагына жазган. "Путин тынчтыкка басым коет... Бирок Путин НАТОнун опузасынан жалтанып калбайт. Бул түшүнүктүү нерсе. Муну ал жыйырма жылга чукул убакыттан бери айтып келет. Эч ким кулак салган эмес. Ойгонуп, көзүңөрдү ачкыла. Эгерде НАТОнун лидерлери Зеленскийге акыркы украиналык калгыча согуш деп жардам бергенин уланта беришсе, украин жана жалпы Европа элин саткандык болуп эсептелет", — деген ал. Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын НАТОго кириши Россиянын коопсуздугуна доо кетирерин айткан. Ал атайын операциянын себептеринин бири да ушул нерсе болгонун белгилеген. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова мурдараак ЕБ мамлекеттеринин Зеленскийдин бийлигин каржылоону улантуу чечими отко май чачарын, Европага Украинанын тынчтыкта жашашы пайдалуу эместигин айткан эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102338066_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_743abce5cf83cb0f998b4baab5e67550.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио