https://sputnik.kg/20260711/1102355900.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Индонезиянын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга... 11.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-11T11:00+0600
2026-07-11T11:00+0600
2026-07-11T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0b/1102355734_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6221f459e79b2da9ac8889d08f2bbc07.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Индонезиянын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам күчүнө кириши үчүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгы мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарышы керек. Андан кийин биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери Түштүк-Чыгыш Азиядагы ири рыноктордун бири болгон Индонезиянын рыногуна жеңилдетилген шарттарда чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Документке ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө бардык ички мамлекеттик жол-жоболорду аяктаганы тууралуу Евразиялык экономикалык комиссияга расмий билдирүү жөнөтөт. Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев жаңы соода режими боюнча Индонезия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарларынын 90 пайызы үчүн бажы жана соода жеңилдиктерин берерин, ал эми биримдик Индонезиянын товарларынын 90,5 пайызына ушундай эле жеңилдиктерди карай турганын билдирген.
Коммуналдык тарифтер менен мамлекеттик кызматтардын акысын кымбаттатууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Документке ылайык, калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, мамлекет көрсөткөн кызматтардын наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга бир жылга мораторий киргизилген. Бирок мораторий бардык төлөмдөргө тиешелүү эмес, айрым өзгөчө учурларда тарифтерди же төлөмдөрдү өзгөртүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Атап айтканда, мамлекеттин коопсуздугуна, маанилүү инфраструктуранын иштешине же эл аралык милдеттенмелерге байланыштуу зарыл болсо, айрым төлөмдөрдү өзгөртүүгө уруксат бар. Мисалы, электр тармагында чыгым көбөйүп, системаны иштетүү үчүн тарифти өзгөртүү зарыл болуп калса, бул өзгөчө учур катары каралышы ыктымал.
Ош шаарындагы базарда кулпунай саткан дыйкан шектүүлөргө карата дооматы жок экенин билдирип тосмо арыз жазды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди. Ошол эле учурда иш боюнча тергөө иштери уланууда. Ош облустук соту фермерге кол салууга шектелген үч адам үй камагына чыгарылганын маалымдады. Сот алардын буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын жана жабырлануучу менен жарашып алышканын эске алуу менен ушундай чечимге келген. Белгилей кетсек, жаңжалга катышкан төрт кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголгон. Алардын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирөөсүнүн жашы жете элек балдары болгону үчүн үй камагына чыгарылган.
Россия прибалтикалыктар Батыш жүргүзүп жаткан кармашта кандуу булоонго кабылып калышын каалабайт. Бул туурасында РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары Михаил Галузин айтканын Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды. Анын айтымында, Москва Балтика боюнда жашаган элге кастарын тикпейт, жамандык каалабайт, көз карашы мурдагыдай эле түз. "Биздин мурдагы чек араларыбызда кырдаалдын чыңалып турушуна кызыкдар эмеспиз. Алар, ириде, куралданып, андан соң англосакстардын антироссиялык геосаясий жүрүштөрүндө кол жоолук болуп калышын каалабайбыз", — деген Галузин. Буга чейин Россиянын Тышкы чалгын кызматы Украинанын Куралдуу күчтөрү РФтин ички аймактарына жаңы чабуулдарды жасоого даярданып жатканын кабарлаган. Маалыматка караганда, пилотсуз учактар Россияга тезирээк жетиши үчүн аларды дал ушул Балтика өлкөлөрүнүн аймагынан учуруу пландалууда.
Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Индонезиянын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам күчүнө кириши үчүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгы мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарышы керек. Андан кийин биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери Түштүк-Чыгыш Азиядагы ири рыноктордун бири болгон Индонезиянын рыногуна жеңилдетилген шарттарда чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Документке ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө бардык ички мамлекеттик жол-жоболорду аяктаганы тууралуу Евразиялык экономикалык комиссияга расмий билдирүү жөнөтөт. Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев жаңы соода режими боюнча Индонезия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарларынын 90 пайызы үчүн бажы жана соода жеңилдиктерин берерин, ал эми биримдик Индонезиянын товарларынын 90,5 пайызына ушундай эле жеңилдиктерди карай турганын билдирген. Коммуналдык тарифтер менен мамлекеттик кызматтардын акысын кымбаттатууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Документке ылайык, калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, мамлекет көрсөткөн кызматтардын наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга бир жылга мораторий киргизилген. Бирок мораторий бардык төлөмдөргө тиешелүү эмес, айрым өзгөчө учурларда тарифтерди же төлөмдөрдү өзгөртүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Атап айтканда, мамлекеттин коопсуздугуна, маанилүү инфраструктуранын иштешине же эл аралык милдеттенмелерге байланыштуу зарыл болсо, айрым төлөмдөрдү өзгөртүүгө уруксат бар. Мисалы, электр тармагында чыгым көбөйүп, системаны иштетүү үчүн тарифти өзгөртүү зарыл болуп калса, бул өзгөчө учур катары каралышы ыктымал.Ош шаарындагы базарда кулпунай саткан дыйкан шектүүлөргө карата дооматы жок экенин билдирип тосмо арыз жазды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди. Ошол эле учурда иш боюнча тергөө иштери уланууда. Ош облустук соту фермерге кол салууга шектелген үч адам үй камагына чыгарылганын маалымдады. Сот алардын буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын жана жабырлануучу менен жарашып алышканын эске алуу менен ушундай чечимге келген. Белгилей кетсек, жаңжалга катышкан төрт кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголгон. Алардын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирөөсүнүн жашы жете элек балдары болгону үчүн үй камагына чыгарылган. Россия прибалтикалыктар Батыш жүргүзүп жаткан кармашта кандуу булоонго кабылып калышын каалабайт. Бул туурасында РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары Михаил Галузин айтканын Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды. Анын айтымында, Москва Балтика боюнда жашаган элге кастарын тикпейт, жамандык каалабайт, көз карашы мурдагыдай эле түз. "Биздин мурдагы чек араларыбызда кырдаалдын чыңалып турушуна кызыкдар эмеспиз. Алар, ириде, куралданып, андан соң англосакстардын антироссиялык геосаясий жүрүштөрүндө кол жоолук болуп калышын каалабайбыз", — деген Галузин. Буга чейин Россиянын Тышкы чалгын кызматы Украинанын Куралдуу күчтөрү РФтин ички аймактарына жаңы чабуулдарды жасоого даярданып жатканын кабарлаган. Маалыматка караганда, пилотсуз учактар Россияга тезирээк жетиши үчүн аларды дал ушул Балтика өлкөлөрүнүн аймагынан учуруу пландалууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0b/1102355734_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f31797798b8d218598df024cd18c40b3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио