00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров ”Климаттык иш жөнүндө“ мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган документ климаттык аракеттер жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн өлкө калкына, экономикасына жана экосистемасына тийгизген терс таасирин минималдаштырууга багытталган. Мыйзамдын негизги максаттары жана багыттары: Климаттын туруктуулугун камсыз кылуу жана бул багыттагы мамлекеттик саясаттын максаттарын, принциптерин аныктоо; Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү каржылоонун укуктук негиздерин түзүү; Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүү, ошондой эле аны чыңдоо; Кыргыз Республикасында климат чөйрөсүндөгү илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө социалдык-экономикалык өнүгүүгө байланыштуу актуалдуу маселелер каралды. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 2026-2028-жылдарга карата программасын кабыл алуу жөнүндөгү, ошондой эле мамлекеттик менчиктеги жер участокторун пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктоо методологиясын бекитүү жөнүндөгү токтомдорду жактырышты.
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Чүй районундагы өнөр жай зонасын өнүктүрүү маселелери боюнча көчмө кеңешме өткөрдү. Иш-чаранын алкагында ал жалпы аянты 202 гектарды түзгөн өнөр жай зонасын түзүү долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты. Учурда жалпы аянты 202 гектарды түзгөн жер тилкеси белгиленген тартипте өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка атайын багыттагы жерлер категориясына өткөрүлгөн. Ошондой эле фармацевтика, курулуш материалдарын өндүрүү, машина куруу, прибор куруу, тамак-аш өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарында долбоорлорду ишке ашырууну пландаган 14 потенциалдуу резидент аныкталган. Жарыяланган инвестициялардын жалпы көлөмү 390 млн доллардан ашат. Долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Кеңешменин катышуучулары өнөр жай зонасынын инженердик инфраструктурасын түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Тактап айтканда, аймакты электр энергиясы менен камсыз кылуунун варианттары, ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу маселелери каралды.
Агартуу министрлиги "Түндүк" ААК менен биргеликте мугалимдер үчүн иштеген жеринен маалымкат алуу боюнча жаңы санарип кызматты ишке киргизди. Ведомстводон билдиришкендей, маалымкатты мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемеси же веб-порталы аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде алууга болот. Маалымкат автоматтык түрдө "Мугалим" автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде түзүлөт жана кызматкер туралуу, иштеген жери жана ээлеген кызматы жөнүндө маалыматтарды камтыйт. "Документ электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүп, юридикалык күчкө ээ. Анын аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0