00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Об экономике и не только
113 предприятий к Дню независимости — сколько стоит одно рабочее место и что за этим стоит
18:07
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: ордо боюнча 12 өлкө күч сынашат
19:07
35 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЖОЖго тапшыруу: мөөнөттөр, босого балл, квоталар — абитуриенттер эмнелерди билиши керек?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Электрондук акчаны мураска калтырууга уруксат берилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, электрондук капчыктагы жана башка электрондук алып жүрүүчүлөрдө сакталган каражат эми мурастын курамына кирет. Мурас укугу расмий ырасталгандан кийин каражат берилет же алардын эсебине которулат. Ошондой эле банктар нотариустарга жана мураскерлерге маркумдун электрондук акчалары, банктык сейфтери жана баалуу таш эсептери тууралуу маалымат бере алышат.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (ЖАМА) Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин маалыматында айтылат. Ага ылайык, ЖАМА авиакомпанияда пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында авиациялык мыйзамдардагы учуу коопсуздугуна түздөн-түз таасир эткен олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган. Буга байланыштуу агенттик мыйзамда белгиленген тартипте Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Мекеме жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу негизги артыкчылык экенин белгилеп, учуу коопсуздугуна коркунуч жараткан ар бир эксплуатантка анын аталышына, ишмердүүлүк мөөнөтүнө же авиация тармагындагы ордуна карабастан эң катаал чаралар көрүлөрүн билдирди. "Өлкөдөгү бардык авиакомпанияларда пландан тышкаркы инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү чечими кабыл алынды. Алардын алкагында авиация мыйзамдарынын жана учуу коопсуздугу боюнча талаптардын аткарылышына баа берилет", — деп айтылат билдирүүдө. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кырдаал көзөмөлдө экенин билдирип, расмий иликтөөнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралар тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланарын кошумчалады. Белгилей кетсек, 7-июлда "Манас" эл аралык аэропортунда Бишкек — Ош багыты боюнча каттам аткарып жаткан Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаган.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эл аралык транспорт коридору боло турган Барскоон – Бедел жолунда 1 700дөн ашык жумушчулар иштеп, курулуш активдүү жүрүп жатат. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аталган объектинин курулушун текшерүү үчүн мамлекет башчынын өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев барган.Эске салсак, Барскоон – Бедел жолу Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүп, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, чек ара аймактарынын жана жалпы экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн стратегиялык маанидеги ири инфраструктуралык долбоор.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Чүй облусунда ири көлөмдөгү бодо мал бордоп семиртүүчү чарбаларды уюштурууда. Бул долбоор азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана Бишкек шаарында эттин баасын турукташтыруу максатында ишке ашырылып жатканы айтылды. Аны министрлик өзү каржылап, алгачкы этапта 2 500 баш бодо мал бордоого коюлат. Жакынкы эки жыл ичинде алардын саны 20 миңге чейин көбөйтүлүп, ички рынокту сапаттуу эт менен туруктуу камсыз кылууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0