https://sputnik.kg/20260710/1102342313.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Чүйдө медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы модели сыналат. Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, долбоор 2027-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Токмок... 10.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-10T13:00+0600
2026-07-10T13:00+0600
2026-07-10T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102342147_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0d04b6a97e54e67c267ff2b2c5b2dce1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Чүйдө медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы модели сыналат. Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, долбоор 2027-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Токмок шаардык жана Чүй райондук ооруканасында ишке ашырылат. Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү эсеп-кысаптарды 2027-жылдын ноябрына чейин жүргүзүшү керек. Жыйынтык оң болсо, 2027-жылдын аягына чейин жаңы моделди өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу каралат. Эмне өзгөрөт? Жаңы сунуш боюнча, кайсы илдеттерди мамлекет каржылай турганы жана бейтап канчасын кошумча төлөй турганы так жазылат. Социалдык жактан аялуу жарандар үчүн жеңилдетилген шарттар каралары айтылды.
Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Буга чейин Дамир Мусакеев №1 тергөө абагында кармалып турган. Ал 2019-жылы УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп турган кезде кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген айып менен 5 жылга соттолгон. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкүм жокко чыгарылып, иш кайра кароого жөнөтүлгөн. Ал өткөн жылдын соңунда парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандыкка даярдоо иши боюнча кайра кармалган.
Кыргызстанда мектеп окуучуларын аскердик каттоого алуу тартиби өзгөрүшү мүмкүн. Коргоо министрлиги өспүрүм балдарды аскердик каттоого алуу боюнча жаңы токтом долбоорун сунуштады. Андагы негизги өзгөрүүлөр: Мурда мектепте окуган балдар аскердик каттоого туруу үчүн сөзсүз аскер комиссариатына барып медициналык комиссиядан өтүшчү. Эми бул текшерүүнү өздөрү жашаган аймактагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан (бейтапканалардан) эле өткөрүү сунушталууда. Бардык маалыматтар “Аскер” деп аталган санариптик тутумда сакталат Өспүрүмдөрдү аскердик каттоого чакыруу үчүн кагаз таратпай эле, “Түндүк” тиркемеси, уюлдук телефонго келүүчү push-билдирүүлөр жана кадимки SMS аркылуу кабарлап туруу пландалууда.
Владимир Зеленский Украинанын өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кыйытып, Киевге көрсөтүлгөн көмөктү көбөйтүүгө жан үрөп жатат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтты. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланган билдирүүдө Захарова НАТОнун Анкарадагы кезектеги саммити Зеленскийдин үмүтүн актабаганын белгилеген. Анын айтымында, декларациянын жыйынтыгында Украинанын альянска кирүүсү тууралуу эч кандай ишарат жок, ошондой эле Киевдин узак мөөнөттүү аскердик жана каржылык жардамдан күткөн үмүтү таш капкан. Россия ТИМинин өкүлү билдиргендей, Зеленскийдин өзөктүк курал темасын козгоп, союздаштарынын көңүлүн буруу аракетинен да эч кандай маселе чечилген жок. Захарова саммиттин алдында Украина президенти Financial Times басылмасына интервью берген. "Бизде бул клубга кирүүгө жол ача турган өзөктүк курал болгон эмес. Сен болгону кол сала берсе боло турган (алсыз — ред.) өлкөлөрдүн катарындасың", — деп айтканын эске салды. Захарованын пикиринде, Зеленский бул сөздөрү менен өзөктүк куралдуу болууну Украинанын коопсуздугунун башкы кепилдиктеринин бири катары көрөрүн ачык билдирген. Ошол эле учурда НАТО саммитинин катышуучулары мындай билдирүүлөрдү колдоого албаганын ал өзгөчө баса белгилеген.
Чүйдө медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы модели сыналат. Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, долбоор 2027-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Токмок шаардык жана Чүй райондук ооруканасында ишке ашырылат. Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү эсеп-кысаптарды 2027-жылдын ноябрына чейин жүргүзүшү керек. Жыйынтык оң болсо, 2027-жылдын аягына чейин жаңы моделди өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу каралат. Эмне өзгөрөт? Жаңы сунуш боюнча, кайсы илдеттерди мамлекет каржылай турганы жана бейтап канчасын кошумча төлөй турганы так жазылат. Социалдык жактан аялуу жарандар үчүн жеңилдетилген шарттар каралары айтылды.Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Буга чейин Дамир Мусакеев №1 тергөө абагында кармалып турган. Ал 2019-жылы УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп турган кезде кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген айып менен 5 жылга соттолгон. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкүм жокко чыгарылып, иш кайра кароого жөнөтүлгөн. Ал өткөн жылдын соңунда парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандыкка даярдоо иши боюнча кайра кармалган.Кыргызстанда мектеп окуучуларын аскердик каттоого алуу тартиби өзгөрүшү мүмкүн. Коргоо министрлиги өспүрүм балдарды аскердик каттоого алуу боюнча жаңы токтом долбоорун сунуштады. Андагы негизги өзгөрүүлөр: Мурда мектепте окуган балдар аскердик каттоого туруу үчүн сөзсүз аскер комиссариатына барып медициналык комиссиядан өтүшчү. Эми бул текшерүүнү өздөрү жашаган аймактагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан (бейтапканалардан) эле өткөрүү сунушталууда. Бардык маалыматтар “Аскер” деп аталган санариптик тутумда сакталат Өспүрүмдөрдү аскердик каттоого чакыруу үчүн кагаз таратпай эле, “Түндүк” тиркемеси, уюлдук телефонго келүүчү push-билдирүүлөр жана кадимки SMS аркылуу кабарлап туруу пландалууда. Владимир Зеленский Украинанын өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кыйытып, Киевге көрсөтүлгөн көмөктү көбөйтүүгө жан үрөп жатат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтты. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланган билдирүүдө Захарова НАТОнун Анкарадагы кезектеги саммити Зеленскийдин үмүтүн актабаганын белгилеген. Анын айтымында, декларациянын жыйынтыгында Украинанын альянска кирүүсү тууралуу эч кандай ишарат жок, ошондой эле Киевдин узак мөөнөттүү аскердик жана каржылык жардамдан күткөн үмүтү таш капкан. Россия ТИМинин өкүлү билдиргендей, Зеленскийдин өзөктүк курал темасын козгоп, союздаштарынын көңүлүн буруу аракетинен да эч кандай маселе чечилген жок. Захарова саммиттин алдында Украина президенти Financial Times басылмасына интервью берген. "Бизде бул клубга кирүүгө жол ача турган өзөктүк курал болгон эмес. Сен болгону кол сала берсе боло турган (алсыз — ред.) өлкөлөрдүн катарындасың", — деп айтканын эске салды. Захарованын пикиринде, Зеленский бул сөздөрү менен өзөктүк куралдуу болууну Украинанын коопсуздугунун башкы кепилдиктеринин бири катары көрөрүн ачык билдирген. Ошол эле учурда НАТО саммитинин катышуучулары мындай билдирүүлөрдү колдоого албаганын ал өзгөчө баса белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102342147_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7ac18a91dc3634cf94a6ba62586cb8b0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио