00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Между строк
Можно ли написать великий роман после сорока?
18:11
32 мин
Актуальное интервью
Психология, журналистика и РУДН — чем привлекает абитуриентов гуманитарный факультет КРСУ
18:44
21 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев тышкы карыз боюнча маселени түшүндүрдү. Өкмөт башчысы тышкы карыз ИДПнын көлөмүнө жараша эсептелерин белгилеп, анын структурасын карапайым элге жеткиликтүү кылып айтып берген. "Мисалы, Аскар Акаев мезгилинде чөнтөгүңдө 100 сомуң бар болсо, 120 сом карыз болчусуң. Курманбек Бакиевдин маалында 100 сомуң бар болсо, сен 80 сом карыз болчусуң. Роза Отунбаева маалында 100 сомуң болсо, сен 60 сом карыз элең. Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун маалында 100 сомго 68 сом карыз туура келчү. Азыр чөнтөгүңдө 100 сомуң болсо, 39 сом карызсың", — деген ал. Касымалиев карыздар ири долбоорлорго жумшалып, өзүн жаба турганын белгилеген. Ошондой эле карызды төлөө көйгөй болбостугун, бирок ошого карабастан президент анын өлчөмү ИДПнын 50 пайызынан ашпашы керек деген чек койгонун кошумчалаган.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев борбордон чыккан таштандыны кайра иштетип, андан электр энергиясын өндүргөн заводдун салынганын ишиндеги эң чоң ийгилиги катары сыпаттады. Бул тууралуу ал "Ала-Тоо 24" каналынын эфиринде билдирген. Калаа башчысынын айтымында, маселе көп жылдар бою чечилбей келген. Азыр болсо башка өлкөлөр үчүн үлгү болуп калды. "Заводду көрүү үчүн коңшу мамлекеттердин премьерлери келип жатышат. Ушул эле технологиянын негизинде Алматыда, Ошто жана Караколдо долбоорлор ишке ашырылууда", — деген мэр. Ал эми кемчиликтер тууралуу айтып жатып, иштер көп болгондуктан, кээде сапат маселеси ишти артка тартып жатканын белгилеп, аны жоюуга убада берди.
Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан сел өтүүчү каналдардын курулушунан жана селдин кесепеттерин жоюу иштеринен кабар алды. Ведомствонун маалыматына караганда, быйыл ӨКМ тарабынан облустун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту, Темир айылында сел өтүүчү канал курулууда. Долбоор боюнча эки айылдагы каналдын курулушун ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү каралган. Алсак Бактуу-Долоноту айылында 2025-жылдан бери жалпы узундугу 2570 м сел өтүүчү канал, ал эми Темир айылында жалпы узундугу 2040 м каналдын курулушу жүрүүдө. Мындан тышкары, министр Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында Чоң-Ак-Суу суусунун нугунда курулган көпүрөнү көрүп чыкты. Чыныбаев райондогу жергиликтүү эл үчүн жана туристтик аймак катары эсептелген Ысык-Көл районундагы коопсуздук маселеси маанилүү экенин баса белгиледи.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы меморандумдун тогузунчу пунктун, башкача айтканда, Вашингтон Жакынкы Чыгышка кошумча күч жөнөтпөө боюнча шартты бузганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Иран буга чейин өз милдеттенмелерин аткарып келди. Ал эми АКШнын каржы министри меморандумдун тогузунчу пунктун бузду. Бул — Вашингтондун буга чейинки башка мыйзам бузууларынын жана жаңылыш кадамдарынын уландысы", — деп жазган социалдык баракчасына. Министр келишим эки тарап тең сактаганда гана күчүндө болорун белгилеген. Ал арада АКШ президенти Дональд Трамп ага салуу аракети болсо, Иранды көздөй миң ракетаны камдап койгонун айтып чыкты. Анын айтымында, АКШ аскерлерине тиешелүү буйрук берилген, алар Иранды толугу менен жок кылууга даяр.
Жаңылыктар түрмөгү
0