https://sputnik.kg/20260710/1102329944.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Кыргызстандагы... 10.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-10T09:00+0600
2026-07-10T09:00+0600
2026-07-10T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102329778_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b946f90e53904aed26765a46b487ed07.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Кыргызстандагы алгачкы жер титирөөгө туруктуу тетиктерди чыгаруучу заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министр өлкөдө сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо жана курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ишкана Бишкек шаарынын Чокон Валиханов көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 6 222 чарчы метрди түзгөн завод курулууда. Жаңы өндүрүш базасы министрликке караштуу Мамлекеттик сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун аймагына жайгашат. Нурдан Орунтаев завод ишке киргенден кийин имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатууга багытталган заманбап жер титирөөгө туруктуу тетиктерди чыгара турганын билдирди.
Муниципалитет Бишкекке ар аймактан келгендерди коомдук транспортко отургузууну көздөөдө. Бул үчүн Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Батыш автобекетинде жана "Бишкек автобекети" ишканасынын аймагында атайын транспорттук карталарды сатуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырган. Демилгеге ылайык, борбор калаага келгендер унаасын автобекеттин аймагына калтырып, шаар ичинде жүрүүгө арналган транспорттук картаны сатып ала алышат. Мындай картаны колдонуу ыктыярдуу болору айтылды.
Бийлик суу ресурстарын пайдаланууну жакшыртууга алдыдагы тогуз жылга 405,7 миллиард сом бөлүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматта ведомство 2035-жылга чейинки программа даярдаганы айтылат. Ага ылайык, бул мезгилде суу жана жер ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун кеминде 20 пайызга жогорулатуу пландалууда. Программада 190 миң гектар жаңы сугат жерин ишке киргизүү каралган. Мындан тышкары, 650 миң гектар жердин суу менен камсыз болушун жакшыртуу жана 150 миң гектар аянтка суу үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу мерчемделип жатат.
Дүйнөдөгү азыркы адаттан тышкаркы аптап жаратылыштан жана Күн планетасынын өзүнөн эмес, адамдардын жасаган иштеринин кесепетинен болууда. Техас технологиялык университетинин профессору, климатты изилдеген окумуштуу Кэтрин Хэйхо РИА Новости менен сүйлөшкөндө айтып берген. "Жерде ысык адамзаттын тарыхында болуп көрбөгөндөй тездик менен күчөп жатат, буга адамзат өзүбүз күнөөлүбүз. Тагыраагы, глобалдуу жылуулуктун үчтөн бири парник газдарына байланыштуу, калган чейреги токойлорду кыюудан, жерди, сууну, жаратылышты ысырапчылык менен колдонуудан болууда", — деген окумуштуу. Бул ыкма кыска мөөнөттө көп түшүм алууну көздөйт, бирок узак мөөнөттө айлана-чөйрөгө чоң зыян келтирет. Хэйхонун айтымында, азыркы мээ кайнаткан ысыкты табигый факторлорго — Күндүн активдүү болушуна же жанар тоонун атылышына шылтоо туура эмес. Тескерисинче, эгерде табияттын себептерин алсак, анда Жер азыркысынан алда канча салкыныраак болмок.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Кыргызстандагы алгачкы жер титирөөгө туруктуу тетиктерди чыгаруучу заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министр өлкөдө сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо жана курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ишкана Бишкек шаарынын Чокон Валиханов көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 6 222 чарчы метрди түзгөн завод курулууда. Жаңы өндүрүш базасы министрликке караштуу Мамлекеттик сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун аймагына жайгашат. Нурдан Орунтаев завод ишке киргенден кийин имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатууга багытталган заманбап жер титирөөгө туруктуу тетиктерди чыгара турганын билдирди.Муниципалитет Бишкекке ар аймактан келгендерди коомдук транспортко отургузууну көздөөдө. Бул үчүн Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Батыш автобекетинде жана "Бишкек автобекети" ишканасынын аймагында атайын транспорттук карталарды сатуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырган. Демилгеге ылайык, борбор калаага келгендер унаасын автобекеттин аймагына калтырып, шаар ичинде жүрүүгө арналган транспорттук картаны сатып ала алышат. Мындай картаны колдонуу ыктыярдуу болору айтылды.Бийлик суу ресурстарын пайдаланууну жакшыртууга алдыдагы тогуз жылга 405,7 миллиард сом бөлүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматта ведомство 2035-жылга чейинки программа даярдаганы айтылат. Ага ылайык, бул мезгилде суу жана жер ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун кеминде 20 пайызга жогорулатуу пландалууда. Программада 190 миң гектар жаңы сугат жерин ишке киргизүү каралган. Мындан тышкары, 650 миң гектар жердин суу менен камсыз болушун жакшыртуу жана 150 миң гектар аянтка суу үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу мерчемделип жатат.Дүйнөдөгү азыркы адаттан тышкаркы аптап жаратылыштан жана Күн планетасынын өзүнөн эмес, адамдардын жасаган иштеринин кесепетинен болууда. Техас технологиялык университетинин профессору, климатты изилдеген окумуштуу Кэтрин Хэйхо РИА Новости менен сүйлөшкөндө айтып берген. "Жерде ысык адамзаттын тарыхында болуп көрбөгөндөй тездик менен күчөп жатат, буга адамзат өзүбүз күнөөлүбүз. Тагыраагы, глобалдуу жылуулуктун үчтөн бири парник газдарына байланыштуу, калган чейреги токойлорду кыюудан, жерди, сууну, жаратылышты ысырапчылык менен колдонуудан болууда", — деген окумуштуу. Бул ыкма кыска мөөнөттө көп түшүм алууну көздөйт, бирок узак мөөнөттө айлана-чөйрөгө чоң зыян келтирет. Хэйхонун айтымында, азыркы мээ кайнаткан ысыкты табигый факторлорго — Күндүн активдүү болушуна же жанар тоонун атылышына шылтоо туура эмес. Тескерисинче, эгерде табияттын себептерин алсак, анда Жер азыркысынан алда канча салкыныраак болмок.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102329778_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6336992a97a7df7fb9f65b1b132a0836.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио