https://sputnik.kg/20260710/1102351348.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрүн белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө жарлыкка кол койду... 10.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-10T19:00+0600
2026-07-10T19:00+0600
2026-07-10T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102351180_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4c1dce539586c5d86f5c906cf820a0c7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрүн белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Документке ылайык, эксперименттик тартипте 2026-жылдын 15-июлунан 2027-жылдын 1-июлуна чейин министрлер кабинетине айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн белгилөө укугу берилет. Мындай чечимдер тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып кабыл алынат. Дем алыш күндөрү калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү же ыкчам чечүүнү талап кылган өзгөчө жагдайларда белгилениши мүмкүн. Жарлыкка ылайык, кошумча дем алыш күнү берилген кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат. Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 2027-жылдын 1-февралына чейин бул механизмдин алдын ала жыйынтыгына мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Эгер натыйжалуу деп табылса, министрлик 2027-жылдын 1-мартына чейин тиешелүү мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгып, министрлер кабинетинин кароосуна киргизет.
"Бишкек Арена" сентябрдын аягында ачылат Президенттин маалымат катчысы 31-августта стадиондо ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин катышуусунда Көчмөндөр оюндарынын ачылышы, спортчулардын парады болорун билдирди. Аскат Алагөзовдун айтымында, стадион расмий сентябрдын аягында жалпы журттун катышуусунда, эстрада жылдыздарынын концерти менен салтанаттуу ачылат.
Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы айрым категориядагы кызматкерлер үчүн 1-сентябрды дем алыш күнү деп белгиледи. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык, 1-сентябрь борбор калаадагы мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш күнү болот. "Бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Ал эми үзгүлтүксүз иштөөчү мекемелердеги кызматкерлердин эмгек акысы Эмгек кодексине ылайык төлөнөт. Ошондой эле жеке менчик уюмдардын жетекчилерине Бишкектеги кызматкерлерге 1-сентябрда орточо күндүк айлыгы сакталуу менен эс алуу күнүн берүү сунушталды", — деп айтылат маалыматта. Мындай чечим Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары катышкан иш-чаралар өтүп жаткан учурда шаардагы тыгынды азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Алтайга Манастын эстелиги тургузулат Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин айтымында, Кыргызстандын сунушу Алтайдын өкмөт башчысы Александр Прокопьев менен жолукканда колдоо тапкан. Долбоор Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө иш-чараларынын алкагында жүзөгө ашары мерчемделүүдө.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрүн белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Документке ылайык, эксперименттик тартипте 2026-жылдын 15-июлунан 2027-жылдын 1-июлуна чейин министрлер кабинетине айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн белгилөө укугу берилет. Мындай чечимдер тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып кабыл алынат. Дем алыш күндөрү калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү же ыкчам чечүүнү талап кылган өзгөчө жагдайларда белгилениши мүмкүн. Жарлыкка ылайык, кошумча дем алыш күнү берилген кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат. Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 2027-жылдын 1-февралына чейин бул механизмдин алдын ала жыйынтыгына мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Эгер натыйжалуу деп табылса, министрлик 2027-жылдын 1-мартына чейин тиешелүү мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгып, министрлер кабинетинин кароосуна киргизет."Бишкек Арена" сентябрдын аягында ачылат Президенттин маалымат катчысы 31-августта стадиондо ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин катышуусунда Көчмөндөр оюндарынын ачылышы, спортчулардын парады болорун билдирди. Аскат Алагөзовдун айтымында, стадион расмий сентябрдын аягында жалпы журттун катышуусунда, эстрада жылдыздарынын концерти менен салтанаттуу ачылат.Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы айрым категориядагы кызматкерлер үчүн 1-сентябрды дем алыш күнү деп белгиледи. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык, 1-сентябрь борбор калаадагы мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш күнү болот. "Бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Ал эми үзгүлтүксүз иштөөчү мекемелердеги кызматкерлердин эмгек акысы Эмгек кодексине ылайык төлөнөт. Ошондой эле жеке менчик уюмдардын жетекчилерине Бишкектеги кызматкерлерге 1-сентябрда орточо күндүк айлыгы сакталуу менен эс алуу күнүн берүү сунушталды", — деп айтылат маалыматта. Мындай чечим Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары катышкан иш-чаралар өтүп жаткан учурда шаардагы тыгынды азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Алтайга Манастын эстелиги тургузулат Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин айтымында, Кыргызстандын сунушу Алтайдын өкмөт башчысы Александр Прокопьев менен жолукканда колдоо тапкан. Долбоор Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө иш-чараларынын алкагында жүзөгө ашары мерчемделүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102351180_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_251f8f4b9ae0305677faadb52478051b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио