https://sputnik.kg/20260711/1102353487.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Электрондук акчаны мураска калтырууга уруксат берилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, электрондук капчыктагы жана башка... 11.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-11T08:59+0600
2026-07-11T08:59+0600
2026-07-11T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0b/1102353321_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_09bdedb0d6f1631cd1282d83247cf896.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Электрондук акчаны мураска калтырууга уруксат берилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, электрондук капчыктагы жана башка электрондук алып жүрүүчүлөрдө сакталган каражат эми мурастын курамына кирет. Мурас укугу расмий ырасталгандан кийин каражат берилет же алардын эсебине которулат. Ошондой эле банктар нотариустарга жана мураскерлерге маркумдун электрондук акчалары, банктык сейфтери жана баалуу таш эсептери тууралуу маалымат бере алышат.
Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы айрым категориядагы кызматкерлер үчүн 1-сентябрды дем алыш күнү деп белгиледи. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык, 1-сентябрь борбор калаадагы мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш күнү болот. "Бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Ал эми үзгүлтүксүз иштөөчү мекемелердеги кызматкерлердин эмгек акысы Эмгек кодексине ылайык төлөнөт. Ошондой эле жеке менчик уюмдардын жетекчилерине Бишкектеги кызматкерлерге 1-сентябрда орточо күндүк айлыгы сакталуу менен эс алуу күнүн берүү сунушталды", — деп айтылат маалыматта. Мындай чечим Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары катышкан иш-чаралар өтүп жаткан учурда шаардагы тыгынды азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (ЖАМА) Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин маалыматында айтылат. Ага ылайык, ЖАМА авиакомпанияда пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында авиациялык мыйзамдардагы учуу коопсуздугуна түздөн-түз таасир эткен олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган. Буга байланыштуу агенттик мыйзамда белгиленген тартипте Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Мекеме жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу негизги артыкчылык экенин белгилеп, учуу коопсуздугуна коркунуч жараткан ар бир эксплуатантка анын аталышына, ишмердүүлүк мөөнөтүнө же авиация тармагындагы ордуна карабастан эң катаал чаралар көрүлөрүн билдирди. "Өлкөдөгү бардык авиакомпанияларда пландан тышкаркы инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү чечими кабыл алынды. Алардын алкагында авиация мыйзамдарынын жана учуу коопсуздугу боюнча талаптардын аткарылышына баа берилет", — деп айтылат билдирүүдө. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кырдаал көзөмөлдө экенин, расмий иликтөөнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралар тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланарын билдирди.
Электрондук акчаны мураска калтырууга уруксат берилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, электрондук капчыктагы жана башка электрондук алып жүрүүчүлөрдө сакталган каражат эми мурастын курамына кирет. Мурас укугу расмий ырасталгандан кийин каражат берилет же алардын эсебине которулат. Ошондой эле банктар нотариустарга жана мураскерлерге маркумдун электрондук акчалары, банктык сейфтери жана баалуу таш эсептери тууралуу маалымат бере алышат. Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы айрым категориядагы кызматкерлер үчүн 1-сентябрды дем алыш күнү деп белгиледи. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык, 1-сентябрь борбор калаадагы мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш күнү болот. "Бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Ал эми үзгүлтүксүз иштөөчү мекемелердеги кызматкерлердин эмгек акысы Эмгек кодексине ылайык төлөнөт. Ошондой эле жеке менчик уюмдардын жетекчилерине Бишкектеги кызматкерлерге 1-сентябрда орточо күндүк айлыгы сакталуу менен эс алуу күнүн берүү сунушталды", — деп айтылат маалыматта. Мындай чечим Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары катышкан иш-чаралар өтүп жаткан учурда шаардагы тыгынды азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (ЖАМА) Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин маалыматында айтылат. Ага ылайык, ЖАМА авиакомпанияда пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында авиациялык мыйзамдардагы учуу коопсуздугуна түздөн-түз таасир эткен олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган. Буга байланыштуу агенттик мыйзамда белгиленген тартипте Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Мекеме жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу негизги артыкчылык экенин белгилеп, учуу коопсуздугуна коркунуч жараткан ар бир эксплуатантка анын аталышына, ишмердүүлүк мөөнөтүнө же авиация тармагындагы ордуна карабастан эң катаал чаралар көрүлөрүн билдирди. "Өлкөдөгү бардык авиакомпанияларда пландан тышкаркы инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү чечими кабыл алынды. Алардын алкагында авиация мыйзамдарынын жана учуу коопсуздугу боюнча талаптардын аткарылышына баа берилет", — деп айтылат билдирүүдө. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кырдаал көзөмөлдө экенин, расмий иликтөөнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралар тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланарын билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0b/1102353321_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_077c7d19540b27d4459f9ec2e9de4d63.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
08:59 11.07.2026 (Жаңыртылды: 09:16 11.07.2026) Электрондук акчаны мураска калтырууга уруксат берилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, электрондук капчыктагы жана башка электрондук алып жүрүүчүлөрдө сакталган каражат эми мурастын курамына кирет. Мурас укугу расмий ырасталгандан кийин каражат берилет же алардын эсебине которулат. Ошондой эле банктар нотариустарга жана мураскерлерге маркумдун электрондук акчалары, банктык сейфтери жана баалуу таш эсептери тууралуу маалымат бере алышат.