00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Три актёра на одну куклу и спектакль без перевода — директор о самом старом детском театре страны
16:08
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Кыргыз улуттук кийим маданиятын өнүктүрүүгө жана сактоого салымы чоң — Айдай Асангулова
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:20
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЖОЖго тапшыруу: мөөнөттөр, босого балл, квоталар — абитуриенттер эмнелерди билиши керек?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргыз-Россия Славян университети Ош шаарында филиалын ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, филиал өлкөнүн түштүгүндө ачылат жана бир гана кыргызстандыктар үчүн эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнүнөн келе турган абитуриенттер үчүн да багытталат. Маматалиев КРСУну өнүктүрүү стратегиясында окуу жайды чоң өзгөрүүлөр күтүп жатканын белгиледи. Тактап айтканда, учурдагы факультеттер институттарга айланат, ошондой эле билим берүү академиясы, жогорку мектептер жана илим-изилдөө борборлору ачылат. Ал кошумчалагандай, жаңы окуу имараттарын жана жатаканаларды курууга даярдык көрүлүүдө. Кыргыз жана орус тарап бул боюнча келишимдерди расмий бекитип (ратификациялап), жер тилкелери бөлүндү. Азыр долбоорлоо иштери жүрүп жатат, жакын арада курулуш иштери башталат.
Бишкекте мыйзамсыз курулган балкондордон сырткары терезелердеги темир торлор да алынууда. Буга чейин социалдык тармактарда Айтматов проспектисиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде бешинчи кабаттагы терезенин темир торлорун алып жатышкан видео тараган. Батирдин ээси буга нааразы болуп, президенттен бул кырдаалга кийлигишүүнү суранган. Ал ошондой эле бул торлорду коопсуздук үчүн орнотушканын белгилеген. Ленин районунун жетекчисинин орун басары Нурсултан Бейшенбек уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине түшүндүргөндөй, темир торлорду алдыруу иштери үйлөрдүн сыртын жаңылоо алкагында жүрүп жатат, анткени алар шаардын бирдиктүү көрүнүшүнө (дизайн-кодго) туура келбейт. Мындан тышкары, өзгөчө кырдаал катталган учурда өрт өчүрүүчүлөр кире алышы үчүн экинчи кабаттан өйдөкү терезелер ачык болушу шарт. Ал эми акимчиликтен тургундарга темир торлор да алынары тууралуу алдын ала эскертүү берилгенин билдиришти.
Кыргыз-Россия Славян университети студенттерди эмгек рыногунун талаптарына ылайык даярдоо үчүн окутуу тутумун өзгөртүүдө. Бул тууралуу окуу жайдын башкаруу кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский билдирди. Ал университет салттуу кафедра-факультеттик түзүмдөн баш тартканын белгиледи. “Университетти башкаруунун жана окуу процессин уюштуруунун негизин эми "билим берүү программасы" деген түшүнүк түзөт. Окуу жайдын түзүмү, жогорку мектептер жана институттар дал ушул программанын негизинде курулат. Бул билимдин мазмунун эмгек рыногунун талаптарына болушунча жакындатууга шарт түзөт. Жумуш берүүчүлөрдүн билим берүү программаларын түзүүгө жана окуу процессине катышуусу бүтүрүүчүлөргө окууну бүтөрү менен жумуш табууга мүмкүнчүлүк берет”, — деди Могилевский. Анын айтымында, бүтүрүүчүлөр өз мекенинде калып иштеши үчүн Кыргызстандагы өндүрүштүк өнөктөштөр жана жумуш берүүчүлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл.
Бишкекте Батыш жана Чыгыш автобекеттерин байланыштырган №13 түнкү автобус иштей баштады. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорту" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалымдалгандай, маршрут "Аламүдүн" базары аркылуу өтүп, жүргүнчүлөргө түнкүсүн да автобекеттердин ортосунда жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жол кире саат 23:00дөн таңкы 5ке чейин 70 сом. Эки бекетти байланыштырган түнкү каттам жай мезгилинде Ысык-Көлгө каттагандарга ыңгайлуу болуш үчүн уюштурулганы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0