09:08 24 Чын Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7009
  • EUR78.4240
  • RUB1.0927
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев

Төрөбаев: өлкөнү карызга батырып коюп өкмөт мүчөлөрү байып жатат

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Айтурган Сатиева
1737 0 0

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын фракция лидерлери менен маек куруп окурмандарга жана угармандарга сунуштап келди. Рубриканын соңку коногу парламенттеги оппозициялык "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев болду.

"Кыргызстанды өнүктүрүш үчүн бир гана иштеш керек" деген депутат эгер мүмкүнчүлүк берилсе, өлкөнүн айыл чарба тармагын жолго салмактыгын айтты. Ошондой эле ал фракциянын аткарган иши, партиянын келечекке болгон пландары менен бөлүштү. 

Глава фракции Онугуу — Прогресс Бакыт Торобаев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Бакыт Төрөбаев: өкмөт келгенде бекитип берип, колдоп жатабыз. Бирок алдын-ала "ушул өкмөт курамы жакшы иштеп берет" деп эч кимибиз айта албайт экенбиз да.

— Бакыт Эргешович, маегибизди соңку ирет парламенттин трибунасынан сүйлөгөн сөзүңүз менен баштагым келип турат. Анда коррупция менен күрөшүүдө өкмөткө нааразычылыгыңызды билдиргендей болдуңуз. Кандайдыр бир иликтөө, байкоо жүргүзүп ушундай бүтүмгө келдиңизби же?..

— Мен өкмөткө коңгуроо кактым десем болот. Элдин баары эле депутаттарды жамандап, сындап келишет. Бирок иштин баарын жасап жаткан өкмөт, пара алып жаткан өкмөт, элдин акчасын туура эмес короткон дагы өкмөт. Карапайым журттун депутаттарга нааразы болгонун да түшүнсө болот. Анткени президент менен парламент эл тарабынан шайланып келет. Эл өкүлдөрү жер-жерлерди кыдырып, калктын көйгөйүн угуп, аны аткарганга аракет жасайт. Биз өкмөткө кредит, гранттар келгенде ратификациялап берип жатабыз. Үч окуудан өткөрүп, өкмөт иштесин деп мүмкүнчүлүк берип жатсак, алар жакшы иштебей, элди нааразы кылып жатышат. Мамлекетти карызга батырып коюп байып жаткан да өкмөт болууда. Билим берүү тармагында, саламаттык сактоодо, социалдык аялуу катмарды камсыздоодо көйгөйлөр, жол көйгөйү, суу көйгөйү, айтор, элдин көйгөйү көп. Президент февралдан баштап "тууганыма карабай коррупция менен күрөшөм" деп айтып жатат. Ушуну көрүп туруп деле токтотушса болот да. Өздөрүнө каалагандай айлык коюп алышкан. Баткендеги прокурордун өлүмүн ала турган болсок, мамлекеттик кызматтагы аткаминерлердин тарбиясы, жоопкерчилиги кайда кеткен деген суроо жаралат.

— Сиз сүрөттөгөн өкмөттү ким түзүп берди?

— Туура, биздин дагы күнөөбүз бар. Өкмөт келгенде бекитип берип, колдоп жатабыз. Бирок алдын ала "ушул өкмөт курамы жакшы иштеп берет" деп эч кимибиз айта албайт экенбиз да. 

Глава фракции Онугуу — Прогресс Бакыт Торобаев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев: эгер кол алдындагы кызматкеринин эмне кылып жатканын министр билбесе, анда ал ээлеп турган кызматына татыктуу эмес

— Демек, сиз учурдагы өкмөт ишин аткара албай жатат деп ойлойсуз?

— Жок. Айрым министрликтердин мактоого татырлык иши бар. Мисалы, ИИМди айтсак болот. Бул тармакта алакандай кагаз үчүн чуркаткан учур артта калды. Министрлик "Түндүк" системасына өтүп, бардыгын электрондоштуруптур. Эми эл мекемеге келип-кетип, кезек күтпөй эле интернет аркылуу керектүү маалым каттарын ала алышат экен. Жалпысынан бул системага 57 мекеме өтүш керек болсо, учурда 12си аракет жасап жатат. Бирок ишти артка тарткан өкмөт мүчөлөрү да бар.

Министрлер учурда ички мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, андан ары өрчүтүп иштебей, элдин, сырттан келген гранттын эсебинен жашап калышты. Билим берүү, жол-транспорт, саламаттык сактоо, каражат, айтор, кайсы министрликти албайлы, баары эле донорлорду карап отурушат. Алар бөлгөн тыйынды жең ичинен мүмкүн болушунча көбүрөөк жеп калууга аракеттенишет, ушинтип эле коррупция гүлдөп жатат.

— Коррупциялык аракеттер менен бир топ аткаминер темир тор артына кетти. Алардын акыркысы болуп азырынча транспорт жана жолдор министринин орун басары кармалды. Көп өтпөй президент министрдин өзүн да орун басары пара алып кармалып жаткан учурда кызматта отурууга моралдык жактан укугу жок экенин айтты. Сиздин жеке пикириңизде бул иште министрдин орун басары гана жооптубу, же министрдин да катыштыгы болушу мүмкүнбү?

— Тергөө амалдары кандай жүрүп жатканын билбейбиз да. Учурда ал министрдин орун басары эмне деп көрсөтмө берип жатканынан кабарым жок. Так кесе өз пикиримди айткыдай мен сот же тергөөчү эмесмин, бирок ошентсе да жеке оюмда бул аткаминер 520 миң долларлык параны жалгыз өзү эле алган эмес. Буга башка да адамдардын тиешеси бар. Министрлердин орун басарлары, департамент жетекчилери, бөлүм башчылары жасап жаткан ар бир иш министрдин көзөмөлүнөн өтөт. Эгер кол алдындагы кызматкеринин эмне кылып жатканын министр билбесе, анда ал ээлеп турган кызматына татыктуу эмес.

Министр дайындалып келип, ишин баштаганда эле орун басарларынан тарта башка кызматкерлерине чейин чогултуп алып, кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттердин болуусуна катуу тыюу салып, билип калса өзү прокуратурага өткөрүп берерин айтып эскертиши керек. Коррупция менен күрөшүүдө керек болсо өлкө башчысы "өз тууганымды да аябайм" деп жаткан учурда министр кантип орун басарынын чоң суммада пара алып жатканынан кабары жок отура берет? Андыктан менин жеке пикиримде 520 миң долларлык пара алууда орун басар жалгыз эмес. Буга тиешеси бар башка адамдар бар. Албетте, бул окуяда тергөө амалдарына коомчулук көз салып турат, тиешелүү органдар баарын аныктайт деп ойлойм. 

Глава фракции Онугуу — Прогресс Бакыт Торобаев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Бакыт Төрөбаев: Финансы, Транспорт жана жол, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтери четтен келген гранттын эсебинен жашап көнүп алышты.

— Министрдин орун басарын эске албаганда республикада жүрүп жаткан коррупция менен күрөшүү чындыгында "күрөшпү" же саясий куугунтукпу?

— Биз азыр ойлонуп отуруп көп нерсени билбей калып жатабыз. Учурда өлкө абдан кыйын абалда турат. Өлкө коррупциянын сазына батып бараткан. Майда, чоң дебей жең ичинен акча алдыбы, кармалып жатат, камалып жатат. Демек, бир адамдар тобунун саясий кызыкчылыгы эмес, чынында паракорлук менен күрөш жүрүүдө. Азыр байкалбаганы менен өлкөнү чоң, жакшы өзгөрүүлөргө жетелей турган көрүнүш. Ошондуктан бардык министрлер, ар бир аткаминер, керек болсо ар бир кыргызстандык паракорлук менен күрөшүүгө салым кошушу керек. Учурда Финансы, Транспорт жана жол, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтери четтен келген гранттын эсебинен жашап көнүп алышты. Донорлор өлкөнүн өнүгүүсү үчүн деп акча бөлөт, аны депутаттар ратификациялап берет, анан карызга келген каражат бекер келген акчадай эле сол чөнтөктөргө солонуп кетет. Финансы министрлиги аталган мекемелер менен бирдикте ички ресурстарды издебей жатат. Коррупция мына ушул жактан келип чыгууда. Мамлекеттин казынасын башкарып, калктын социалдык жашоо шарты анын жүргүзгөн саясатынан түздөн-түз көз каранды боло турган министр жөн эле "кассир" болуп отура бербеши керек. Эл өкүлдөрү да бул боюнча жаңы дайындалган министрге өз пикирин айтты. 

Глава фракции Онугуу — Прогресс Бакыт Торобаев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Депутат: шайлоочуларыбызга берген убадаларыбызды толук кандуу аткаруудабыз десем аша чапкандык болбойт.

— Сиздердин фракция көпчүлүк шайлоочуларына айыл чарба тармагындагы программалары менен жагып, парламентке келдиңер эле. Бул үч жыл аралыгында аталган тармакка кандай жакшыртууларды киргизе алдыңар жана көпчүлүк аткаминерлер айтып жүргөндөй Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин жоюу же кыскартууга пикириңиз кандай?

— Шайлоочуларыбызга берген убадаларыбызды толук кандуу аткаруудабыз десем аша чапкандык болбойт. Анткени үгүт иштери учурунда парламентке келип калсак, өлкө аймагында 65 машина-трактордук станция ачабыз деп сөз бердик эле, үч жыл ичинде ачылган МТСтин саны 75ке жетти. Алгач баштап жатканда "колуңардан келбейт" дешкен, эми мамлекеттик деңгээлдеги долбоорго айланып калды. Бая күнү өкмөт отчет берип жатып, 2020-жылга чейин МТСтердин санын 200гө жеткиребиз деп айтты. Мындан сырткары, беш жыл аралыгында 10 миң жумуш ордун түзөбүз дедик эле, азыркы күнгө 3200 адамды иш менен камсыз кылдык. Ветеринарлардын статусун көтөрүү боюнча айтып чыкканбыз, учурда 2565 мал доктур каттоодон өтүп, зоналарга бөлүнүп иштеп жатышат.

Айыл чарба министрлигинин 1 миллиард 300 миллион сомдук бюджети бар. Анын 80 пайызын Суу чарба комитети алат. Аталган комитет каналдарды, суу сактагычтарды тейлейт. Суу чарба кызматкерлеринин айлыктары 2000-3000 сом, өтө төмөн. Калган 20 пайызы министрликтин башка тармагындагы кызматкерлеринин маянасына жумшалат. Башкача айтканда, министрликтин өзүнүн бюджети жок. Аларга мамлекет тарабынан аткарчу иштерине деп акча бөлүнбөйт. Ошондуктан иш кылбай эле саясат менен алек болуп, адистери кеңседен чыкпаган министрликке айланды.

Башка мамлекеттерде бул маселе кандай чечилет? Мисалга Россияны алалы. Мамлекет Айыл чарба министрлигине жылына 300 миллиард рубль бөлөт. Ошол бөлүнгөн акчага жараша коюлган план менен тапшырма берет. Аталган министрлик ошол планды аткаруу үчүн өндүрүш менен алектенет. Биздин Айыл чарба министрлигинин көйгөйлөрүн ичинен түшүнгөнгө чейин мен дагы аталган министрлик жоюлсун деген пикирди карманчумун. Бирок каражаты жок министрликти жоюп салганда деле көйгөй чечилип кетпейт да. Эгер биз айыл чарба тармагы боюнча өнүккөн мамлекет болобуз десек, тескерисинче, мамлекет анын ишмердүүлүгүн күчөтүүсү зарыл. Мисалы, жылына 200 миллион сом бөлүшү керек. Мындан сырткары, райондун башчысынын биринчи орун басарын айыл чарба министри дайындасын. Ал орун басар бир гана ушул тармакта иш алып баруусу зарыл. Андан тышкары, өздөрүнө тиешелүү деңгээлде фермерликти, дыйканчылыкты өнүктүрө албай жаткан айыл өкмөттөрүн кызматтан алууга айыл чарба министри сунуш бере ала турган болгону туура. Андан соң кайсы облуста, кайсы өрөөндө эмне тигилип жатат, кандай себилүүдө, эмненин көлөмү көп, эмне жетишпей жатат, кайсы аймакка эмнени киргизүү керектиги боюнча министрликке талап койсо, иш алдыга жылат деп ойлойм. 

Глава фракции Онугуу — Прогресс Бакыт Торобаев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Бакыт Төрөбаев: 2020- жылдагы шайлоого бийликтин партиясы, экс-президенттин партиясы чыгат.

— Бакыт Эргешович, 2020-жылда боло турчу парламенттик шайлоого кандай пландарыңар бар?

— Келе жаткан шайлоого биз барабыз, бул шайлоо бардык партиялар үчүн оңой болбойт. Анткени босого упай 9 пайызга көтөрүлдү. Муну аткарыш оор. Ошондой эле бийликтин партиясы, экс-президенттин партиясы чыгат. Айыгышкан тиреш болот деп ойлойм. 

— Бийликтин партиясы дегениңизди кандай түшүнсөк болот?

— Азырынча так бир нерсе айтыш кыйын. "Атамбаевсиз" деген кыймыл чыгып жатат, алар өзүнчө партия болуп шайлоого катышабы, же КСДП экиге бөлүнүп кетеби, билбейм, эч нерсе деп божомолдой албайм. Ал эми биздин партия сүйлөшүүлөр болот, варианттарды карап көрөбүз деген позицияда турабыз. Негизинен шайлоого барарыбыз так.

— Сизди "учурдагы бийликке жагынуу максатында Атамбаев кеткен соң анын дарегине сын айтууда, убагында экс-президентке да ушундай эле "жумшак" мамиле кылчу" деген сөздөргө пикириңиз кандай?

— Мындай кептерди мен өзүм да угуп жүрөм. Айтаарым, мен кошоматтанып же башка максатта эмес, болгону ачык айттым. Эгер мен Алмаз Шаршеновичти сындап бир нерсе айткан болсом же тескерисинче учурдагы өлкө башчысынын дарегине жылуу ой-пикиримди билдирсем, мындан жеке кызыкчылыкты издөөнүн кажети жок. Бул ошол келип чыккан маселе боюнча гана пикирлердин келишпестиги же тескерисинче, ойлордун дал келүүсү, иштин кызыкчылыгы үчүн айтылган сөздөр болот.

Тема боюнча

Депутат Сулайманов: мен азыр "чоң муштум Алтынбек" эмесмин
Министр боло калам деп чырга кабылып... ЖКнын "атагы чыккан" экс-депутаттары
Белгилер:
депутат, парламент, шайлоо, Бакыт Төрөбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ