Президенттик шайлоо аяктады. Көк паспорт, алдыга чыккан Ош, сөөмөй кезеген Атамбаев

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип Кыргызстанда мамлекеттин башчысын – президентти шайлоо болду.

Бул сапаркы шайлоого 11 талапкер ат салышты. Алардын ичинен бирөө аялзаты болду. Үчөө экс-премьер министрлик кызматты аркалаган.

Шайлоо тилкелери эртең мененки саат сегизде ачылып, Кыргызстан боюнча 2 375 шайлоо участкалары босогосун ачты. Анын 234ү Бишкекте жайгашкан. 

Шайлоо боюнча эртең мененки кабарлардын маанилүүсү Кыргызстандын азыркы президенти Алмазбек Атамбаевдин добуш бергени болду. Мамлекет башчысы жубайы Раиса Атамбаева менен бирге №1209 шайлоо участкасында келип, бюллетенди урнага салды

Кыргызстандыктар аймактардагы добуш берүү, түзүлгөн шарттар жана добуштарды автоматтык түрдө санаган техникалар тууралуу маалыматка кулак төшөп турду.  

Биринчи вице-премьер, шайлоо боюнча республикалык штабдын башчысы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйын өткөрүп, шайлоо участкаларында техникалык маселелердин бардыгы чечилгенин айтты.

Ал арада добуш берем деп келген президент Атамбаев бир нече кескин билдирүүлөрдү жасады. Башаламандык уюштурууну каалагандарды түрмөгө отургузганбыз, мындан ары да отургуза беребиз! Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев добуш берип чыккандан кийин журналисттерге билдирди. 

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде добуш берди
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде добуш берди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде добуш берди
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөт башчы Сапар Исаков №1214 шайлоо участогунда добуш беришти.
Өкмөт башчы Сапар Исаков №1214 шайлоо участогунда добуш беришти. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Өкмөт башчы Сапар Исаков №1214 шайлоо участогунда добуш беришти.
1/2
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде добуш берди
2/2
Өкмөт башчы Сапар Исаков №1214 шайлоо участогунда добуш беришти.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде, өкмөт башчы Сапар Исаков №1214 шайлоо участогунда добуш беришти.

Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоо. Учурда эмне болуп жатат
Добуш берүү учурунда техника чикирттеп, бир катар мүчүлүштүктөр катталды. Шайлоо участокторунда аппараттар иштебей калгандыктан жарандар кезекке туруп калышканы боюнча маалыматтар айтылды. Көп сөз ээрчиген Оштун Он-Адыр аймагында №5321 шайлоо участогу ачылгандан бери андагы урна иштебей, ордуна запаста турганын алып келишкен.

Ал аңгыча саат жебеси 10ду кагып, алгачкы жыйынтыктар келе баштаганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматта шайлоочулардын 6,2 пайызы добуш берилди деп айтылды.

Калемсиз келиңиз, шайлоочу. БШК өкүлү Абдыжапар Бегматов Sputnik Кыргызстан агенттигине шайлоочулар добуш берүү учурунда өз калемдерин колдоно албай турагандыгын айтты. Буга чейин айрым интернет колдонуучулар добуш берүү учурунда өз калемдерин колдоно албай жатканын айтышкан. 

Жойлогон видео, жооп берген БШК. Бегматов шайлоодо колдонулуп жаткан калемдерди өчүрсө болору тууралуу маалымат чындыкка коошпой тургандыгын айтты. Себеби, буга чейин бюллетенге чымчыкча койгон калемдерди өчүрүүгө болот деген мааниде тартылган видео тараган. 

Токмокто белгисиз адамдар шайлоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн добуш берүү участокторун электр энергиясы менен камсыз кылган трансформаторлордун майын "шыпырып" кетишкен деген маалымат тарады. Бирок милиция муну "беш өрдөк" деп четке какты. 

Урналар тааныбай коюп… Төрт шайлоо участкасындагы автоматтык урна стационардык урналарга алмаштырылды. "Эки талапкер шайлоодон четтитилгендиктен бюллетенде жазылган аттары кол менен чийилген. Бирок алардын айрымдары туура эмес чийилгендиктен автоматтык урналар санаган эмес. Ошондуктан алар ачык урналарга алмаштырылды", — деп жооп берди БШК төрайымы Шайлдабекова.

Чак түш, саат 13:00. Кыргызстанда төрт шайлоочунун бири добушун берүүгө үлгүрдү.

Акция протеста мигрантов в Москве на президентские выборы - Sputnik Кыргызстан
Москвада шайлоого катыша албай нааразы болгон кыргызстандыктарга ТИМ жооп берди
Дубандардан шайлоонун алгачкы жыйынтыктары, активдүүлүк картинасы түзүлө баштады. Ош шаары алдыда келе жатса, Жалал-Абад менен Ош облусу ыкшоо болуп жатканы айтылды.

Э, айланайын, паспортуңду карап алсаң боло! Президенттик шайлоого келгендердин ичинде 1994-жылкы паспорт көтөрүп жүргөндөр болду. Акыркы сааттарга алынган маалыматтар боюнча мындай 14 учур катталганын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди

Аялдар, андай активдүүлүктүн кереги жок! Кара-Кулжада бюллетенди сыртка алып чыгууга аракет кылган аял кармалды

Урушуп кеткендер, сабыр. Шайлоо учурунда денеге залал келтирүү фактылары боюнча үч арыз түшкөн. Ал эми саат 16:00гө карата ИИМге жалпысынан 12 кайрылуу болду

© Фото / Зулпидин НурматовАкция протеста мигрантов в Москве на президентские выборы
Акция протеста мигрантов в Москве на президентские выборы - Sputnik Кыргызстан
Акция протеста мигрантов в Москве на президентские выборы

Москвада нааразылык. Москвада президенттик шайлоого катышууга келгендердин көпчүлүгү тизмеден өздөрүн таба албай нааразы болушту. Буга ТИМ өзүнүн негиздемесин айтып, жооп берди.

Саат кечки беш — 1 213 803 добуш! Кечки саат 17:00гө карата кыргызстандык шайлоочулардын 40,12 пайызы президенттик шайлоодо добуш берип жетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0