Саламаттык сактоо министрлигинин эки кызматкери коронавирус жуктуруп алды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСитуация в связи с коронавирусом в Новосибирске
Ситуация в связи с коронавирусом в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын бири ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун кызматкери болсо, экинчиси күзөт кызматында иштеген адам.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин эки кызматкери коронавирус жуктуруп алганын Республикалык штаб билдирди.

Ситуация в Франции из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Дааваттан келгендер медиктерди абдан кыйнады. Жумгалдагы дарыгердин маеги
Маалыматка ылайык, алардын бири ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун кызматкери болсо, экинчиси күзөт кызматында иштеген адам.

Жумушчулардан COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин алар менен байланышта болгон министрликтин бардык кызматкерлеринен анализ алынды. Жыйынтыгы аларда коронавирус жок экенин көрсөткөн.

Ооруну жуктуруп алгандар обсервацияга алынып, тийиштүү түрдө дарыланып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0