Көлдүн Сырт аймагынан ок жеген аялдын сөөгү табылды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЖайлоо. Архив
Жайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөөк табылган жерге ыкчам топ жөнөп кетти.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Сырт аймагында ок жеген аялдын сөөгү табылганын Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.

Укук коргоо органдарына билдирүү 17-июнь күнү болжол менен саат 04.00дөрдө түшкөн. Сөөк табылган жерге ыкчам топ жөнөп кетти. Ушу тапта алар менен байланыш жок.

Тартип сакчылары окуянын чоо-жайын тактап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0