00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
47 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
«Псы» — бир адам кайдыгер коомду ойготот, жолбун иттердин тагдыры кандай болот?
17:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Киноблог
Первый фильм с ИИ: как нейросети пришли в кыргызское кино
18:10
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев беш жылга кесилди

Жазылуу
Мусакеев батирлерди туура эмес бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевди Свердлов райондук соту батирлерди туура эмес бөлүштүрүү боюнча козголгон кылмыш ишинде күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу КСДПнын жетекчисинин орун басары Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Ал сот отуруму жабык эшик артында каралганын айтты.

"Мусакеевди №1 тергөө абагына алып кетишти. Биз бул өкүмдү саясий басым деп эсептейбиз. Аны беш жылга эркинен ажыратып, 70 миң сом айып салды", - деди Жолдубаева.

Жогорку Соттун маалымат кызматы да Мусакеев боюнча райондук соттун чыгарган өкүмүн тастыктады.

Эске салсак, 7-февралда Дамир Мусакеевге Кылмыш жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен шектелип жатканы боюнча маалымат берилген. Ал 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 9-бөлүмдө иштеген өзүнүн жакын адамдарына мамлекеттик батирлерди ыйгарган деп айыпталууда.

Дамир Мусакеев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы. 2016-жылдын жай айларында УКМКнын 9-бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Ал эми өткөн жылдын апрель айында кызматынан бошотулган. Учурда ал дагы деле Атамбаевди кайтарып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0