ЖМК: Түркияда машинада бараткан кыргызстандык кызга ок тийди. Сүрөт

© AFP / SAFIN HAMEDОктун изи. Архивдик сүрөт
Октун изи. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган кызга Эгей университетинин ооруканасында операция жасалды.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында белгисиз бирөөлөр жергиликтүү тургундун автоунаасын аткылап, анын кесепетинен Кыргызстандын Элнура Турманбетова аттуу жараны жаракат алган. Бул тууралуу Haberler басылмасы жазды.

Ага ылайык, машинаны 36 жаштагы Фехми Арман аттуу киши айдап келе жаткан. Окуя 16-марттан 17-мартка караган түнү болгону айтылды. Кол салган кишилер автоунаанын артынан атышкан. Ок машинанын арткы эшигин тешип өтүп, кыргызстандык жаранга тийген.

​Жабыркаган кызга Эгей университетинин ооруканасында операция жасалды. Учурда анын абалы канааттандырарлык.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, полиция кол салгандарга издөө жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0