https://sputnik.kg/20260626/1102091181.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Аялдар форуму башталды. Катышуучулар аялдардын лидерлигин талкуулап, ШКУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө... 26.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-26T13:00+0600
2026-06-26T13:00+0600
2026-06-26T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1a/1102091015_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1b079fe905fc5d001c01c03360f3c255.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Аялдар форуму башталды. Катышуучулар аялдардын лидерлигин талкуулап, ШКУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө кыз-келиндердин катышуусун кеңейтүү боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыкмакчы. Иш-чарада сөз сүйлөгөн экс-президент Роза Отунбаева Афганстандын мисалы консервативдик жана дискриминациялык тажрыйбага кайра келип калуу тез болуп кетерин далилдеп койгонун белгиледи. "Эгер бийликке радикалдар келсе, бул нерсе көз ачып-жумгуча болуп кетиши мүмкүн. ШКУ өлкөлөрүнүн аялдарына кайрылып, бул коркунучту терең аңдап-билүүгө жана мындай радикалдуу көрүнүштөрдү үлгү катары туураганга, артынан ээрчиген иштерге каршы турууга чакырам", — деди Отунбаева. Ал Афганистан аялдарына мүмкүн болсо тилектештикти көбүрөөк көрсөтүүгө чакырды.
Айлык, пенсия, жөлөкпул жана стипендияны кечиктиргендерге жоопкерчилик күчөтүлдү Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, маяна, пенсия, жөлөкпул, стипендия жана башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында бербегендерге 20-65 миң сом айып салынат. Мындан тышкары, пенсия, жөлөкпул жана стипендия 5 күндөн ашык кечиктирилсе, инфляция эске алынат. Кечиктирилген ар бир күн үчүн төлөнбөй калган сумманын 0,15 пайыз өлчөмүндө туум эсептелет.
Нурлан Мотуев каза болду Саясатчы, коомдук ишмер Нурлан Мотуев дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул маалыматты милициядан тастыкташты. Саясатчы, коомдук ишмер 56 жашта болчу. Анын ооруп жүргөнүн айтышты. Мотуев бир топ жыл журналист болуп иштеген. Андан кийин коомдук иштер менен алектенген. "Жоомарт" деп аталган элдик-патриоттук кыймылын башкарган. Өмүрүнүн соңку жылдары социалдык тармакта активдүү болуп, постторун жарыялап келген.
Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, элди сак болууга чакырды 27-30-июнда күн катуу ысып жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканына байланыштуу өлкөнүн аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. "Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, быйыл жаан-чачын көп болуп, сел жүргөн, өзгөчө кырдаал жарыяланган учурлар көп катталууда.
АКШнын эшиги баш паанек сурагандарды кабыл албай турганын Ак үйдүн аппарат жетекчисинин орун басары Стивен Миллер билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Буга чейин АКШнын Жогорку соту бийликке Сирия жана Гаитиден келген 356 миңден ашуун мигранттын убактылуу коргоо макамын (TPS) жокко чыгарууга уруксат берген. "АКШнын эшиги баш паанек сурап келгендерге толук жабылды", — деген Миллер. Анын айтымында, АКШнын чек арасынан баш паанек сурап келгендердин көбү негизсиз кайрылышат. Ал алардын айрымдарынын кылмышка тиешеси бар же өз пайдасын көздөп киргендер, социалдык жөлөк пул менен жашоого келгендер деп эсептей турганын билдирди. "Алар үчүн жакшы кабар — башка өлкөлөр кабыл алууга даяр экендиги", — деп кошумчалаган Ак үйдүн өкүлү.
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Аялдар форуму башталды. Катышуучулар аялдардын лидерлигин талкуулап, ШКУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө кыз-келиндердин катышуусун кеңейтүү боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыкмакчы. Иш-чарада сөз сүйлөгөн экс-президент Роза Отунбаева Афганстандын мисалы консервативдик жана дискриминациялык тажрыйбага кайра келип калуу тез болуп кетерин далилдеп койгонун белгиледи. "Эгер бийликке радикалдар келсе, бул нерсе көз ачып-жумгуча болуп кетиши мүмкүн. ШКУ өлкөлөрүнүн аялдарына кайрылып, бул коркунучту терең аңдап-билүүгө жана мындай радикалдуу көрүнүштөрдү үлгү катары туураганга, артынан ээрчиген иштерге каршы турууга чакырам", — деди Отунбаева. Ал Афганистан аялдарына мүмкүн болсо тилектештикти көбүрөөк көрсөтүүгө чакырды.Айлык, пенсия, жөлөкпул жана стипендияны кечиктиргендерге жоопкерчилик күчөтүлдү Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, маяна, пенсия, жөлөкпул, стипендия жана башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында бербегендерге 20-65 миң сом айып салынат. Мындан тышкары, пенсия, жөлөкпул жана стипендия 5 күндөн ашык кечиктирилсе, инфляция эске алынат. Кечиктирилген ар бир күн үчүн төлөнбөй калган сумманын 0,15 пайыз өлчөмүндө туум эсептелет.Нурлан Мотуев каза болду Саясатчы, коомдук ишмер Нурлан Мотуев дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул маалыматты милициядан тастыкташты. Саясатчы, коомдук ишмер 56 жашта болчу. Анын ооруп жүргөнүн айтышты. Мотуев бир топ жыл журналист болуп иштеген. Андан кийин коомдук иштер менен алектенген. "Жоомарт" деп аталган элдик-патриоттук кыймылын башкарган. Өмүрүнүн соңку жылдары социалдык тармакта активдүү болуп, постторун жарыялап келген.Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, элди сак болууга чакырды 27-30-июнда күн катуу ысып жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканына байланыштуу өлкөнүн аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. "Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, быйыл жаан-чачын көп болуп, сел жүргөн, өзгөчө кырдаал жарыяланган учурлар көп катталууда. АКШнын эшиги баш паанек сурагандарды кабыл албай турганын Ак үйдүн аппарат жетекчисинин орун басары Стивен Миллер билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Буга чейин АКШнын Жогорку соту бийликке Сирия жана Гаитиден келген 356 миңден ашуун мигранттын убактылуу коргоо макамын (TPS) жокко чыгарууга уруксат берген. "АКШнын эшиги баш паанек сурап келгендерге толук жабылды", — деген Миллер. Анын айтымында, АКШнын чек арасынан баш паанек сурап келгендердин көбү негизсиз кайрылышат. Ал алардын айрымдарынын кылмышка тиешеси бар же өз пайдасын көздөп киргендер, социалдык жөлөк пул менен жашоого келгендер деп эсептей турганын билдирди. "Алар үчүн жакшы кабар — башка өлкөлөр кабыл алууга даяр экендиги", — деп кошумчалаган Ак үйдүн өкүлү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1a/1102091015_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_78f69332ac94a9e7a0133fa8574fb4cc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио