https://sputnik.kg/20260626/1102095085.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
ШКУнун башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү эркектер менен аялдардын ортосундагы теңсиздикти азайтууга чакырды. "Биз... 26.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-26T15:00+0600
2026-06-26T15:00+0600
2026-06-26T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1a/1102094919_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_200c5f7a62c5da4160bbcd96842fe637.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
ШКУнун башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү эркектер менен аялдардын ортосундагы теңсиздикти азайтууга чакырды. "Биз аялдарды арбын маалыматтар жана жасалма интеллект менен иштөөгө атайын даярдашыбыз керек. Ошондой эле кыз-келиндер ачкан технологиялык жаңы бизнес-долбоорлорду колдоого алышыбыз зарыл", — деди Пяо Янфань Бишкекте ШКУнун алкагында өткөн Аялдар форумунда. Мындан сырткары, аялдардын укуктарын коргоп, алардын кызыкчылыгын көздөгөн программаларды турмушка ашырууга жигердүү шарт түзүү керектигин айтты. Ал эгер аялдар саясатка, коомдук иштерге жана экономикага аралашпаса, адилеттүү коом куруу мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.
Кегети суусуна түшүп кетип, миңдеген адам издеп жаткан кичинекей Усмандын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. Эскерте кетсек, кырсык үч күн мурда, тагыраагы, 23-июнда, болгон. Эңкейишке токтотулган автоунаа жылып, сууга түшүп кеткен. 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала машинадан чыга албай калган. Кийин кыздын сөөгү табылган. Бөбөктү издөөгө кыргызстандыктардан сырткары Казакстан, Россиядан ыктыярчылар келишкен.
Майлуу-Суу шаарынын 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова август айында россиялык атомдук муз жаргыч менен эл аралык экспедицияга кошулуп, Түндүк уюлга барат. Кыргызстандык окуучу "Росатомдун" "Билимдин муз жаргычы" эл аралык илимий агартуучулук долбоорунун алкагында уюштурулган сынакка катышып, 827 адамдын ичинен жеңүүчү деп тандалган. Армения, Бангладеш, Беларусь, Боливия, Бразилия, Венгрия, Вьетнам, Египет, Индия, Индонезия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Мьянма, Намибия, Руанда, Сербия, Танзания, Түркия, Өзбекстан жана Түштүк Африканын 14 жаштан 16 жашка чейинки 5 миңге жакын таланттуу окуучулары бул уникалдуу арктикалык экспедицияга катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сынактын эл аралык бөлүгүндө күч сынашкан.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Россияны альянс үчүн коркунучтуу деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Анын айтымында, Москва өз бюджетинин дээрлик 40 пайызын коргонуу тармагына жумшап, күнү-түнү аскердик техникаларды чыгарууну көбөйтүүдө. Ошондой эле Украинадагы согуштан сабак алып, тажрыйба топтоп, кырдаалга тез ыңгайлашууда. Бул сөздөр Вашингтондо өткөн Атлантикалык кеңеште айтылган. Эске салсак, РФ президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго берген интервьюсунда Россия НАТОго мүчө мамлекеттерге кол салууга ниети да жоктугун айткан. Ал Батыштын аткаминерлери элин ички көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн бул ыкманы байма-бай колдонорун, бирок "акыл-эси ордунда болгон эли муну түшүнүп тургандыгын" кошумчалаган. Россия соңку жылдары НАТОнун Батыш чектерде активдүүлүгү жогорулаганын белгилеп келет. Альянс кадамдарын кеңейтип, анысын "россиялык агрессияны ооздуктоо" деп атап жүрөт. Москва Европада аталган блоктун күчтөрүн көбөйтүп жатканына түйшөлгөндүгүн бир эмес, бир нече жолу айткан эле. Кремлден Россия эч кимге тийишпей турганын, бирок анын кызыкчылыгына кооптуулук жараткандарды көңүл сыртында калтырбастыгын эскерткен.
ШКУнун башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү эркектер менен аялдардын ортосундагы теңсиздикти азайтууга чакырды. "Биз аялдарды арбын маалыматтар жана жасалма интеллект менен иштөөгө атайын даярдашыбыз керек. Ошондой эле кыз-келиндер ачкан технологиялык жаңы бизнес-долбоорлорду колдоого алышыбыз зарыл", — деди Пяо Янфань Бишкекте ШКУнун алкагында өткөн Аялдар форумунда. Мындан сырткары, аялдардын укуктарын коргоп, алардын кызыкчылыгын көздөгөн программаларды турмушка ашырууга жигердүү шарт түзүү керектигин айтты. Ал эгер аялдар саясатка, коомдук иштерге жана экономикага аралашпаса, адилеттүү коом куруу мүмкүн эмес экенин баса белгиледи. Кегети суусуна түшүп кетип, миңдеген адам издеп жаткан кичинекей Усмандын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. Эскерте кетсек, кырсык үч күн мурда, тагыраагы, 23-июнда, болгон. Эңкейишке токтотулган автоунаа жылып, сууга түшүп кеткен. 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала машинадан чыга албай калган. Кийин кыздын сөөгү табылган. Бөбөктү издөөгө кыргызстандыктардан сырткары Казакстан, Россиядан ыктыярчылар келишкен. Майлуу-Суу шаарынын 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова август айында россиялык атомдук муз жаргыч менен эл аралык экспедицияга кошулуп, Түндүк уюлга барат. Кыргызстандык окуучу "Росатомдун" "Билимдин муз жаргычы" эл аралык илимий агартуучулук долбоорунун алкагында уюштурулган сынакка катышып, 827 адамдын ичинен жеңүүчү деп тандалган. Армения, Бангладеш, Беларусь, Боливия, Бразилия, Венгрия, Вьетнам, Египет, Индия, Индонезия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Мьянма, Намибия, Руанда, Сербия, Танзания, Түркия, Өзбекстан жана Түштүк Африканын 14 жаштан 16 жашка чейинки 5 миңге жакын таланттуу окуучулары бул уникалдуу арктикалык экспедицияга катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сынактын эл аралык бөлүгүндө күч сынашкан.НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Россияны альянс үчүн коркунучтуу деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Анын айтымында, Москва өз бюджетинин дээрлик 40 пайызын коргонуу тармагына жумшап, күнү-түнү аскердик техникаларды чыгарууну көбөйтүүдө. Ошондой эле Украинадагы согуштан сабак алып, тажрыйба топтоп, кырдаалга тез ыңгайлашууда. Бул сөздөр Вашингтондо өткөн Атлантикалык кеңеште айтылган. Эске салсак, РФ президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго берген интервьюсунда Россия НАТОго мүчө мамлекеттерге кол салууга ниети да жоктугун айткан. Ал Батыштын аткаминерлери элин ички көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн бул ыкманы байма-бай колдонорун, бирок "акыл-эси ордунда болгон эли муну түшүнүп тургандыгын" кошумчалаган. Россия соңку жылдары НАТОнун Батыш чектерде активдүүлүгү жогорулаганын белгилеп келет. Альянс кадамдарын кеңейтип, анысын "россиялык агрессияны ооздуктоо" деп атап жүрөт. Москва Европада аталган блоктун күчтөрүн көбөйтүп жатканына түйшөлгөндүгүн бир эмес, бир нече жолу айткан эле. Кремлден Россия эч кимге тийишпей турганын, бирок анын кызыкчылыгына кооптуулук жараткандарды көңүл сыртында калтырбастыгын эскерткен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1a/1102094919_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fd50e5aa68e7e89eac0685476b94c9cf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио