https://sputnik.kg/20260626/1102101973.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында экономикалык өсүш боюнча лидер болууда. Аталган уюмдун Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек... 26.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-26T19:00+0600
2026-06-26T19:00+0600
2026-06-26T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1a/1102101807_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_07513619070870be7a034ddc9cedade4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында экономикалык өсүш боюнча лидер болууда. Аталган уюмдун Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаковдун айтымында, 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн ИДПсы 10,1%га өстү. “Бул КМШ мамлекеттеринин арасындагы эң жогорку көрсөткүч. Ошондой эле өнөр жай өндүрүшү 14,1%га өскөн. Өсүштүн негизги факторлору логистикалык борборлор, транспорттук коридорлор жана келечекте Европа менен Түштүк Азиянын базарларына чыгууга шарт түзө турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу болуп саналат. Учурда долбоордун алкагында Жалал-Абад жана Нарын облустарында бир нече тоннель курулуп жатат”, — деди ал.
Кыргызстандын куртка-пальтолору негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолду Үстүбүздөгү жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандан сыртка 41 миң даана эркектердин күрмөсү жана пальтосу экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Сыртка сатылган продукциянын дээрлик баарын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр: Россия, Казакстан жана Беларусь сатып алган. Ал эми калган чакан партиялар Өзбекстан, Тажикстан, Канада, АКШ жана Түркияга жөнөтүлгөн.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарган. Экс-депутат март айында кармалган. УКМК маалымдагандай, Конгантиев жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелүүдө.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Россияны альянс үчүн коркунучтуу деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Анын айтымында, Москва өз бюджетинин дээрлик 40 пайызын коргонуу тармагына жумшап, күнү-түнү аскердик техникаларды чыгарууну көбөйтүүдө. Ошондой эле Украинадагы согуштан сабак алып, тажрыйба топтоп, кырдаалга тез ыңгайлашууда. Бул сөздөр Вашингтондо өткөн Атлантикалык кеңеште айтылган. Эске салсак, РФ президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго берген интервьюсунда Россия НАТОго мүчө мамлекеттерге кол салууга ниети да жоктугун айткан. Ал Батыштын аткаминерлери элин ички көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн бул ыкманы байма-бай колдонорун, бирок "акыл-эси ордунда болгон эли муну түшүнүп тургандыгын" кошумчалаган. Россия соңку жылдары НАТОнун Батыш чектерде активдүүлүгү жогорулаганын белгилеп келет. Альянс кадамдарын кеңейтип, анысын "россиялык агрессияны ооздуктоо" деп атап жүрөт. Москва Европада аталган блоктун күчтөрүн көбөйтүп жатканына түйшөлгөндүгүн бир эмес, бир нече жолу айткан эле. Кремлден Россия эч кимге тийишпей турганын, бирок анын кызыкчылыгына кооптуулук жараткандарды көңүл сыртында калтырбастыгын эскерткен.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 41 тыйынга юань 12 сом 86 тыйынга рубль 1 сом 16 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 88 сом 90ыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 44 сомдун тегерегинде сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ 27-июндан 30-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Ишембиде Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын областарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл аймагында +26...+31, Нарын регионунда +25...+30 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35...+37, Ош калаасында +36...+38, Чолпон-Ата шаарында +26...+28 градусту көрсөтөт.
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында экономикалык өсүш боюнча лидер болууда. Аталган уюмдун Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаковдун айтымында, 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн ИДПсы 10,1%га өстү. “Бул КМШ мамлекеттеринин арасындагы эң жогорку көрсөткүч. Ошондой эле өнөр жай өндүрүшү 14,1%га өскөн. Өсүштүн негизги факторлору логистикалык борборлор, транспорттук коридорлор жана келечекте Европа менен Түштүк Азиянын базарларына чыгууга шарт түзө турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу болуп саналат. Учурда долбоордун алкагында Жалал-Абад жана Нарын облустарында бир нече тоннель курулуп жатат”, — деди ал.Кыргызстандын куртка-пальтолору негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолду Үстүбүздөгү жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандан сыртка 41 миң даана эркектердин күрмөсү жана пальтосу экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Сыртка сатылган продукциянын дээрлик баарын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр: Россия, Казакстан жана Беларусь сатып алган. Ал эми калган чакан партиялар Өзбекстан, Тажикстан, Канада, АКШ жана Түркияга жөнөтүлгөн.Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарган. Экс-депутат март айында кармалган. УКМК маалымдагандай, Конгантиев жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелүүдө. НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Россияны альянс үчүн коркунучтуу деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Анын айтымында, Москва өз бюджетинин дээрлик 40 пайызын коргонуу тармагына жумшап, күнү-түнү аскердик техникаларды чыгарууну көбөйтүүдө. Ошондой эле Украинадагы согуштан сабак алып, тажрыйба топтоп, кырдаалга тез ыңгайлашууда. Бул сөздөр Вашингтондо өткөн Атлантикалык кеңеште айтылган. Эске салсак, РФ президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго берген интервьюсунда Россия НАТОго мүчө мамлекеттерге кол салууга ниети да жоктугун айткан. Ал Батыштын аткаминерлери элин ички көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн бул ыкманы байма-бай колдонорун, бирок "акыл-эси ордунда болгон эли муну түшүнүп тургандыгын" кошумчалаган. Россия соңку жылдары НАТОнун Батыш чектерде активдүүлүгү жогорулаганын белгилеп келет. Альянс кадамдарын кеңейтип, анысын "россиялык агрессияны ооздуктоо" деп атап жүрөт. Москва Европада аталган блоктун күчтөрүн көбөйтүп жатканына түйшөлгөндүгүн бир эмес, бир нече жолу айткан эле. Кремлден Россия эч кимге тийишпей турганын, бирок анын кызыкчылыгына кооптуулук жараткандарды көңүл сыртында калтырбастыгын эскерткен.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 41 тыйынга юань 12 сом 86 тыйынга рубль 1 сом 16 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 88 сом 90ыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 44 сомдун тегерегинде сатылууда.АБА ЫРАЙЫ 27-июндан 30-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Ишембиде Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын областарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл аймагында +26...+31, Нарын регионунда +25...+30 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35...+37, Ош калаасында +36...+38, Чолпон-Ата шаарында +26...+28 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1a/1102101807_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3e2b01de9ec648d101023e259cbee38c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио