https://sputnik.kg/20260626/1102098177.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз почтасы Евразия өнүктүрүү банкынын 20 жылдыгына арналган атайын эстелик почта маркасын жүгүртүүгө чыгарды.Экономика жана коммерция министрлиги... 26.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-26T17:00+0600
2026-06-26T17:00+0600
2026-06-26T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1a/1102098011_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a1eb3dc1c3d3ecc909bad66792b166a7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз почтасы Евразия өнүктүрүү банкынын 20 жылдыгына арналган атайын эстелик почта маркасын жүгүртүүгө чыгарды.Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, марканын биринчи нускасына салтанаттуу мөөр басуу аземи ЕӨБдүн жылдык жыйыны жана Ишкердик форумунун алкагында өттү. Иш-чарага Бакыт Сыдыков, Николай Подгузов жана Кыргыз почтасынын өкүлдөрү катышты.Министр Бакыт Сыдыков Евразия өнүктүрүү банкынын мааракеси менен куттуктап, банк менен Кыргызстандын көп жылдык кызматташтыгы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле эки тараптуу өнөктөштүк мындан ары да чыңдала берерине ишеним билдирди.Өз кезегинде Николай Подгузов эстелик почта маркасынын чыгарылышы Кыргызстандын Евразия өнүктүрүү банкына мүчө болгонуна 15 жыл толгон мезгилге туш келгенин белгилеп, бул символикалык окуя эки тараптуу кызматташтыктын маанисин айгинелеп турганын айтты. Анын айтымында, биргелешкен долбоорлор келечекте да Кыргызстандын жана жалпы евразиялык мейкиндиктин туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Борбор калаадагы Жеңиш аянтындагы автоунаа токтотуучу жайда акыны саат менен төлөгөн система сынамык тартип менен иштей баштады. Бул туурасында мэриядан билдиришти. Бул автокороо 95 машинага ылайыкталган жана күнү-түнү иштейт. Алгачкы 15 мүнөт акысыз болсо, биринчи эки саатка 50 сом төлөнөт. Андан кийинки ар бир сааттын баасы 10 сомдон болот. Мэрия сыноо мөөнөтүнөн кийин системаны шаардагы башка автожайларга да жайылтууну көздөөдө.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы 1-июлдан тартып жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерге газ берүүнү убактылуу токтоторун билдирди.Компаниянын маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилинде абоненттердин газы өчүрүлбөгөндүктөн, жай айларында топтолгон карыздарды толугу менен төлөп бүтүрүү сунушталат.Карызды "Газпром Кыргызстан" мобилдик тиркемеси, расмий сайттагы жеке кабинет, төлөм дүмүрчөгү же "Мой дом" кызматы аркылуу төлөөгө болот.Эгерде карыздан улам газ берүү токтотулса, аны кайра туташтыруу үчүн карызды толук төлөп, тиешелүү арыз берүү талап кылынат. Кайра туташтыруу кызматынын акысы 1270 сомду түзөт. Компания билдиргендей, бардык талаптар аткарылып, арыз кабыл алынгандан кийин жаратылыш газы үч иш күнүнүн ичинде кайра берилет.
Москва Вашингтонго Киевге курал-жарактарды берүү эл аралык коопсуздукту күтүүсүз кесепеттерге кептеши мүмкүндүгүн дагы бир ирет эскертти. Бул туурасында РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде айтты. Анын айтымында, Россия бул позициясын АКШнын мурдагы администрациясынын тушунда эле билдире баштаган жана азыр да аны улантып келет. Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО согушка курал-жарак берип эле катышпастан, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында аскердик кадрларды даярдап берип да көмөктөшүүдө.
Кыргыз почтасы Евразия өнүктүрүү банкынын 20 жылдыгына арналган атайын эстелик почта маркасын жүгүртүүгө чыгарды.Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, марканын биринчи нускасына салтанаттуу мөөр басуу аземи ЕӨБдүн жылдык жыйыны жана Ишкердик форумунун алкагында өттү. Иш-чарага Бакыт Сыдыков, Николай Подгузов жана Кыргыз почтасынын өкүлдөрү катышты.Министр Бакыт Сыдыков Евразия өнүктүрүү банкынын мааракеси менен куттуктап, банк менен Кыргызстандын көп жылдык кызматташтыгы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле эки тараптуу өнөктөштүк мындан ары да чыңдала берерине ишеним билдирди.Өз кезегинде Николай Подгузов эстелик почта маркасынын чыгарылышы Кыргызстандын Евразия өнүктүрүү банкына мүчө болгонуна 15 жыл толгон мезгилге туш келгенин белгилеп, бул символикалык окуя эки тараптуу кызматташтыктын маанисин айгинелеп турганын айтты. Анын айтымында, биргелешкен долбоорлор келечекте да Кыргызстандын жана жалпы евразиялык мейкиндиктин туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.Борбор калаадагы Жеңиш аянтындагы автоунаа токтотуучу жайда акыны саат менен төлөгөн система сынамык тартип менен иштей баштады. Бул туурасында мэриядан билдиришти. Бул автокороо 95 машинага ылайыкталган жана күнү-түнү иштейт. Алгачкы 15 мүнөт акысыз болсо, биринчи эки саатка 50 сом төлөнөт. Андан кийинки ар бир сааттын баасы 10 сомдон болот. Мэрия сыноо мөөнөтүнөн кийин системаны шаардагы башка автожайларга да жайылтууну көздөөдө."Газпром Кыргызстан" компаниясы 1-июлдан тартып жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерге газ берүүнү убактылуу токтоторун билдирди.Компаниянын маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилинде абоненттердин газы өчүрүлбөгөндүктөн, жай айларында топтолгон карыздарды толугу менен төлөп бүтүрүү сунушталат.Карызды "Газпром Кыргызстан" мобилдик тиркемеси, расмий сайттагы жеке кабинет, төлөм дүмүрчөгү же "Мой дом" кызматы аркылуу төлөөгө болот.Эгерде карыздан улам газ берүү токтотулса, аны кайра туташтыруу үчүн карызды толук төлөп, тиешелүү арыз берүү талап кылынат. Кайра туташтыруу кызматынын акысы 1270 сомду түзөт. Компания билдиргендей, бардык талаптар аткарылып, арыз кабыл алынгандан кийин жаратылыш газы үч иш күнүнүн ичинде кайра берилет.Москва Вашингтонго Киевге курал-жарактарды берүү эл аралык коопсуздукту күтүүсүз кесепеттерге кептеши мүмкүндүгүн дагы бир ирет эскертти. Бул туурасында РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде айтты. Анын айтымында, Россия бул позициясын АКШнын мурдагы администрациясынын тушунда эле билдире баштаган жана азыр да аны улантып келет. Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО согушка курал-жарак берип эле катышпастан, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында аскердик кадрларды даярдап берип да көмөктөшүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1a/1102098011_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_995d86415b0946d54c6a5e5126f8d8f9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио