00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:54
6 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдардын гаджетке болгон көз карандылыгы менен кантип күрөшүү керек? Бала каршылык көрсөтсө эмне кылуу зарыл?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
По следам истории
Друг Юлиуса Фучика и основатель «Интергельпо» — Эльвира Маречек о судьбе деда, Рудольфа Маречека
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Жылдыз Малдыбаеванын артында калган жарык из
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
113 предприятий к Дню независимости — сколько стоит одно рабочее место и что за этим стоит
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Эркектик бези — эркектин жүрөгү : Эркектер көп кабылган простатитти минералдык жолдор менен дарылоо мүмкүнбү?
21:10
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Нарын аймагындагы Жетим-Тоо кенин иштетүү үчүн мамлекет акча, инвестор караштырып жатканын Нарын эли менен жолугуп жатканда айтты. Мамлекет башчы ушул тапта кен боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, бийлик аны Кумтөр сыяктуу 100 пайыз өзү иштеткенге аракет көрүп жатканын билдирди. Буга өтө чоң каражат керек экенин кошумчалады. "Биз жөн эле сырьену сатып ийбей, металлды иштетип чыгара турган завод куруп, 100 пайыз металлды иштетип чыгарышыбыз керек экен. Орто эсепте ага 9 миллиардга жакын доллар кетет. Бирок ишке кирип калса өзүн 5-10 жылда актайт экен. Биз азыр ошол каражатты издеп, аракет кылып жатабыз", – деди Жапаров. Айта кетсек, Жетим-Тоо — өлкөдөгү эң ири металл кендеринин бири. Болжол менен анда 50 млрд. долларлык кор бар.
Өлкөдө АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензин тартыш болуп жатат. Бул тууралуу мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди. Ал Россиядагы мунай иштетүүчү заводдор дрон чабуулдарына кабылганына байланыштуу абал оорлоп кеткенин белгиледи. "Азыр мунай ташуучулар Россиянын заводдорунан АИ-95 бензинин караштырып жатат. Ошол эле учурда анын керектөө көлөмү анча чоң эмес, негизинен АИ-92 колдонулат. Ал эми АИ-92 жана дизель майы боюнча маселе жок", — деди Эшатов. Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда айрым май куюучу бекеттерде АИ-95 жок болуп жатканы айтылган.
Кыргызстанда кытайлык ири корпорация мунай-газ тармагындагы ишканаларды курушу мүмкүн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында мунай-газ компаниясы — Sinopec корпорациясынын жетекчиси менен жолукту. Өкмөттүн маалымат кызматы анда аталган тармакта биргелешкен өндүрүш жана кайра иштетүүчү компанияларды куруу, ошондой эле кайра жаралуучу энергиянын булактары боюнча долбоорлор каралганын билдирди. Сапардын жүрүшүндө Акунбеков андан башка бир катар компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жолугушууда Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди, анын ичинде карбамид жана азоттук жер семирткичтерди өндүрүүчү завод куруу долбоору сунушталды.
АКШнын президент Дональд Трамп НАТОнун башкы катчысы Марк Рюттеге союздаш мамлекеттердин көбүнөн көңүлү калганын айтты. "Улуу Британияга, Германияга жана Францияга ичибиз чыккан жок, алардын көбүнө нааразыбыз. Ал эми Испания таптакыр эле коркунучтуу", — деди ал. Трамп НАТО Вашингтондун үмүтүн актабагандыгын айтып, альянстын башка жетекчилиги учурунда мындай байланыш мүмкүн болмок эмес эле деген. Май айында Трамп Вашингтонго НАТОнун зарылдыгы жоктугун билдирип, Иранга каршы операцияда альянстын жөлөк-таяк болуп койбогонуна нааразы болгон. Андан сырткары, Кошмо Штаттар альянстан чыгыш керек деген маселени карай турганын айткан эле. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Жакынкы Чыгыштагы жаңжал чечилгенден кийин өлкө НАТОнун аларга кереги бар-жогун кайрадан карап чыгышы керек болорун билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0