Мамажакыповдун иниси: агамдын өлүмүн Баткен прокурорлору уюштургандай

© Фото / Медербек НиязалиевБаткенская область
Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жумада киши колдуу болгон Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун жана анын өлүмүнө шектүү катары кармалган Мелис Калыковдун туугандары тергөө иштерине нааразы болууда. Алар ошол күнү аңчылыкка чогуу чыккан прокурорлордун да камалышын талап кылып жатышат.

Прокурордун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Ага шектүү катары Мелис Калыков аттуу аткаминер кармалган. Милициянын маалыматы боюнча ал Мамажакыповду мергенчилик курал менен атып, андан соң кылмышын жашыруу максатында денесин өрттөп салган

Деген менен шектүүнүн бир тууган эжеси Дариха Калыкова окуя болгон күнү Мамажакыповдун жанында Калыковдон башка дагы беш прокурор жана бир ишкер болгонун белгилеп, алар күнөөнүн баарын инисине шылтап жатканын айтууда. Мындан улам тергөө ачык-айкын өтүшүн көзөмөлдөп беришин сурап президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, акыйкатчыга жана ЖМКларга кайрылды.

"Анарбай Мамажакыпов менен аңчылыкка кошо чыккан прокурорлордун көрсөтмөсү менен менин иним камалды. Ал күнү аңчылыкка маркумдун 2 орун басары, 2 бөлүм башчысы, Баткен районунун прокурору, иним Мелис жана арак заводдо иштеген Баткен районунун прокурорунун досу Эрнис аттуу жигит чыккан. Тоого Мелис досунун автосу, прокурорлор кызматтык унаасы менен эки машинада барышкан", — деди Дариха Калыкова.

Ал ошондой эле аңчылыкты Баткен районунун прокурору уюштурганын жана инисине автоунаа тап деп буйрук бергенин айтып жатат.

Убийство экс-депутата РФ Дениса Вороненкова в Киеве - Sputnik Кыргызстан
Киши колдуу болгон депутат, ок жеген прокурор. Жыл ичиндеги чуулуу өлүмдөр
"Мелис аңчылыктан келип РИИБ тарапка баратканда, астынан Баткен районунун прокурору кызматтык унаасы менен жолун тосуп, Мамажакыповдун устуканы менен буюмдарын анын машинасынан алган. Кайра иним экөө чогуу кетип арак ичишкен. Райондук прокурор Мелистин айдап жүргөн унаасынын ачкычын өзү менен чогуу алып кеткен. Ошол жерде автоунаасы ачык калган. Бирок Мелис үйүнө кирип баратканда аңчылыкка чыккан прокурорлор милиция кызматкерлери менен келип аны кармаган", — деди ал.

Мелис Калыков Баткен шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп иштечү. Эжесинин айтымында, анда прокурорду өлтүрүүгө себеп болгон эмес.

"Баткен милициясынын начальнигинин орун басары Арстан Усанов маалымат жыйында иним айдаган унаа Турмаматов көчөсүндө турганын Баткен районунун прокурору милицияга кабарлаган дейт. Унааны текшергенде, ичинен кандын тактары бар бычак, мылтыктын октору жана эшиктеринде кандын тактары табылды деп жатат. Анда эмнеге экөө арак ичип жатканда кармаган эмес", — деди Калыкова.

Маркум прокурордун иниси Өскөнбай Мамажакыпов да аны менен аңчылыкка чыккандардын баарын камап, анан суракка алууну талап кылууда.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип камалган Мелис Калыковдун тарапташтары облустук администрациянын алдына митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Баткенде прокурордун өлүмүнө шектүүнүн жакындары митингге чыкты
"Аңчылыкка чыккандардын баарынан шектенип жатабыз. Ошол кол алдындагылары көптөн бери даярданган окшойт. Агам 10 күндөй эмгек өргүү алып, баласын үйлөп 12-ноябрда жумушка чыккан. Мындай иш ал жокто атайын уюштурулган болушу мүмкүн. Жетекчиси менен чогуу чыккандан кийин чогуу кайтышы керек эле да. Булар беркиге шылтап жатышат. Болбосо аны менен урушкан күндө деле ажыратып коюшмак да. Эмне үчүн милиция баарын камап алып, анан сурак кылбайт?! Азыр Чоң-Алайдын 2000 тургуну кол коюп, президенттин атына кат жолдодук. Иштин ачык иликтенишин сурайбыз", — деди маркумдун иниси Мамажакыпов.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бул боюнча Ички иликтөө бөлүмү кызматтык териштирүү жүргүзүп жатканын айтты. Аңчылыкка чыккан прокурорлор тергөө иши бүткөнгө чейин кызматтан бошотулган.

Ички иштер министрлиги болсо Мелис Калыковдон башка эч ким кармалбаганын ырастады. Шектүү Ош шаарынын тергөө абагына камалган. Кылмыш иши ИИМдин аймактар аралык башкармалыгы тарабынан иликтенип жатат.

"Алгачкы көрсөтмөлөр боюнча кылмышка Мелис Калыков шектелип жатат. Анткени ал тоодон кайтканда Анарбай Мамажыкыповду унаасына салып кетип, андан ары жаңжалдашкан экен. Ал эми ошол күнү чогуу болгон 5 прокурор жана 1 жергиликтүү ишкер күбө катары көрсөтмө берүүдө. Тергөө аяктаганга чейин алар эч жакка кетпейт. Иш ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө, тергөө акыйкат жана таза жүрөт", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов.

Баткенде киши колдуу болгон прокурордун денеси 80 пайызга күйгөн. Чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Баткенде киши колдуу болгон прокурордун денеси 80 пайызга күйгөн. Чоо-жайы
Буга чейин Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов шектүү катары кармалган Калыковду "милиция кызматкерлери сабап жатат" деген маалымат тараткан. Бирок ИИМ муну четке кагып, анын денесиндеги көгала тактар прокурор менен урушканда калганын айтты

Анарбай Мамажакыпов 43 жашта болчу, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чак айылында туулган. Артында үч уул, бир кызы калды. Ал Баткен облусунун прокурору болуп 6 ай иштеди. Ага чейин Талас облусунун Ала-Бука районунун прокурору жана Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болгон. Прокурордун сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алайдын Даарот-Коргон айылында жерге берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0