00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:56
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
Центральная Азия: новый узел влияния в геополитике? Беседа с Тимофеем Бордачевым
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
Кыргызстандын жаштар курамасы Азия кубогунун тандап алуу оюндарын өткөрөт — футболчулардын даярдыгы кандай?
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Өлкө тамак-аш коопсуздугу мыйзамына, БАДдар боюнча илимий изилдөөлөргө жана кадрларга абдан муктаж
23:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Киши колдуу болгон депутат, ок жеген прокурор. Жыл ичиндеги чуулуу өлүмдөр

© AFP / Sergei SUPINSKYУбийство экс-депутата РФ Дениса Вороненкова в Киеве
Убийство экс-депутата РФ Дениса Вороненкова в Киеве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 18-ноябрь күнү, Баткен облусунун прокурорунун сөөгү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдо табылды. Анын денесинде зомбулуктун белгилери табылып, ок жегени аныкталган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигин колго түшүргөн.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги туура бир жыл ичинде укук коргоо кызматкерлери менен аткаминерлерге байланыштуу каргашалуу окуяларды тизмектейт.

Бычакталган милиционер

Былтыркы жылдын октябрь айында Бишкектин Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам милиция кызматкерин бычактап кеткен. Окуя болгон жерде көз жумган 25 жаштагы ага лейтенант Уларбек Майрамбеков Биринчи май райондук милициясынын криминалдык кызматында иштеп келген. Каргаша болгондон эки күн өткөн соң кылмышка шектелип 26 жаштагы жаран кармалып, аны бычактап өлтүргөнүн мойнуна алган.

Кырсыктаган тергөөчү

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области2017-жылдын декабрында Бишкек — Ош трассасында болгон жол кырсык
ДТП в Токтогульском районе Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
2017-жылдын декабрында Бишкек — Ош трассасында болгон жол кырсык
2017-жылдын декабрында Бишкек — Ош трассасында Токтогул РИИБинин аймактык тескөөчүсү 37 жаштагы Нургазы Түгөлбай уулу эки баласы, аялы менен каза болгон. Токтогул районунун Торкент айылына жакын жерде Hyundai Getz жана Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жети адам каза болуп, үчөө жаракат алган. Милициянын майору Hyundai Getz унаасынын ичинде болгон. Көз жумган кызматкер ички иштер органдарында 2003-жылдан бери эмгектенип келген

Ок жеген кызматкер

Жыл башында борбор калаанын Чыгыш-5 кичирайонунда белгисиз адам милиционерди түн ичинде жарадар кылган. Тартип сакчысы кызмат учурунда ок жеп, ооруканага түшкөн. Шектүү 10 айдан кийин гана Кара-Балта шаарында колго түшүрүлдү. Ал кармоо маалында да ок чыгарган. Айыпталуучу Ош шаарында каракчылык жасаган жана Чүй облусунда адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Көлгө чөккөн күзөтчү

Жайында 25 жаштагы Нурсултан Сталбек уулу Ысык-Көлдө эс алып жүрүп сууга чөгүп каза болгон. Ал Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматында иштечү.

Киши колдуу болгон депутат

Баткендин Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду ноябрь айында өз үйүнүн жанынан атып кетишкен. Жергиликтүү кеңештин 32 жаштагы депутаты 10 күндөн кийин ооруканада айыга албай көз жумган

Уруштан каза тапкан аткаминер

© Фото / пресс-служба ГП "Кыргызаэронавигация""Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев
Заместитель генерального директора госпредприятия Кыргызаэронавигация Маматназар Жакыпбаев - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев
"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин унаасын артынан жолтандабас келип сүзгөн. Окуя 21-октябрь күнү болжол менен саат 20.00дөр чамасында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Милиция ал жердеги жаакташуу урушка айланып кетип, Жакыпбаев бордюрга башы менен тийип каза болуп калгандыгын кабарлаган. Аталган каргаша боюнча кылмыш иши козголуп, эки шектүү камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0