Кызды төртөөлөп кордогондордун бири гана 1,5 жылга кесилди. Февралдын сот чечимдери

Жазылуу
Кыш мезгилинин соңку айында соттор кайненесин өлтүргөн келиндин, бир кызды төртөөлөп зордуктаган жаштардын жана таанышын бычактаган аялдын жазык иштерин карады. Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн айдагы төбө чачты тик тургузган окуялар боюнча соттук жети чечимди сунуштайт.

Жосунсуз жорук

Жарандык никеде жашап жүрүп бир жыл мурда кош-беш айтышкан эркек аялга түн ортосунда кайрадан барып, уктап жаткан жеринен барып кол салган. Мас болгон киши келиндин желкесине үч, колуна бир жолу бычак урган. Аял эптеп качып чыгып, аман калган. Үйдө жалгыз калган эргул анысы аз келгенсип турак-жайды өрттөп, 60 миң сомдук материалдык зыян келтирген. Жосунсуз жорукка барган адам үч жылга шарттуу эркенин ажыратылды.

Мындай окуяны ойлоп да таба албайсың. 50 сом, кайдыгерлик, кургаган жүрөк

Граната кармаган ада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Граната көтөргөн студент, бомба жасап саткан прапорщик. 90-жылдардагы кылмыштар
Соттолуучу мөөнөтүн жатак абагынан өтөп жатып укук коргоо органдарына таптырбай качып кеткен. Издөөдөгү жаран эркиндикте жүргөндө ичкиликке берилип, көчөлөп калган. Ал бир күнү парктын дааратканасында майып кызды зордуктап жаткан эркекти көрүп, токтоткондун ордуна, кылмышкерден аракка 50 сом сурап алып, жабырлануучуга жардам бербей кетип калган. бир аздан соң окуя болгон жерге кайра келип шок абалындагы кызды көпүрөнүн алдына көтөрүп барып 2500 сом акчасын, уюлдук телефонун тартып алып из жашырган. Кийин уюлдук телефонду сатып жаткан жеринен милицияга кармалган. Сот мурда аягына чейин өтөбөй калган мөөнөтүн кошуп, эми сегиз жыл өмүрүн темир тор артында өткөрүүгө өкүм чыгарды.

"Ооз ачырган" өкүм…

Кафеде пиво ичип отурган төрт кызды тааныш жигити телефон чалып, үйүнө чакырат. Майрамды улантуу үчүн бийкечтер шаардын четиндеги конуштардын бирине барган. Ал жакта жаштар арак ичип, карта ойноп убакыт өткөргөн. Кеч киргенден кийин кыздардын үчөө үйүнө кайтып, бирөөсүн балдар кетирбей алып калган. Мас болгон эргулдар аны төртөөлөп зордукташат. Окуя болгон соң кармалган достор бири-бирин күнөөлөй баштаган. Сот алардын бирин болгону 1,5 жылга эркинен ажыратты…

Кайненесин өлтүргөн келин

Акча каражаттары жана бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда иштеп келген мигранттын өлүмү. Милиция окуянын чоо-жайын айтты
Өткөн жылы коомчулукту дүң кылган окуяга чекит коюлду. Кайненеси менен тил табыша албай, балка менен аны башка чаап өлтүрүп, андан соң башын кесип таштандыга ыргытып жиберген 26 жаштагы келинге өкүм чыкты. Аял мындай жолго кайненесинин жаман мамилесинен улам баргандыгын саймедиреген. Сот өзгөчө мыкаачылык менен жасалган ишти карап чыгып, келинди 20га жылга, анын эжесин төрт жыл алты айга эркинен ажыратты.

Таянар тоо… болбой куруп кал

Мас болуп келген жигит карындашы менен тил табыша албай уруша кеткен. Арактын айынан чыккан чыр муштум шилтемейге айланып, агасы кызды чачынан сүйрөп, катуу сабап таштаган. Иш сотко өткөндө жабырлануучу бир тууганынын эркиндикке чыгуусун суранып, апасы каза болуп жалгыз калгандыгын, таянар тоосу агасы гана экендигин билдирген. Үй-бүлөдөгү жагымсыз окуя элдешүү менен аяктаган.

Ээнбаш кыздар эми 12 жыл түрмөдө отурмай болду

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жабырлануучу: Бишкекте балдардын тобу кыздарды сабады
Бейтааныш эки кыз ижарага батир алабыз деп бир үйгө барып, кожейкеге кол салган. Аялдын колу-бутун байлап, "өлтүрүп салам" деп коркутуп, үйүн аңтарып зер буюм, акчаларын алууга жетишкен. Алар ашканага бычак алганы киргенде токмок жеген аял колундагы жипти чечип балконго чыга калып жардам сурап кыйкырган. Беркилер бөлмөдөн чыга калган учурда жабырлануучу кармап алып кыйкырып жаткан керменин жиби үзүлүп кеткен. 4-кабаттан кулаган кожойкенин омурткалары сынып, ичегилери үзүлүп кеткен. Арам акча тапкысы келген эки кыз эми 12 жылдын өмүрүн түрмөдө өткөрмөй болду.

Абышканы бычактаган аял абакка кетти

Көчөдө арак ичип отурган аял-эркектин катарына дагы бир адам кошулуп, майрам үчүнчү шериктин үйүндө уланат. Бирок дасторкон үстүндө уруш чыгып, эркек үй ээсине кол көтөрүп, конок аял бир нече жолу бычак урган. Жараат алган кишини беркилер автоунаанын багажнигине салып, тиричилик техникаларын жүктөп из жашырганга аракет жасашкан. Бирок ойлогон ой ишке ашпай, бычак жеген абышка жарым жолдон качып кеткенге үлгүргөн. Бычак көтөргөнгө маш аял эми он жыл алты айга чейин төрт жаштагы баласынан тарта жакындарын көрбөй, темир тор артында отурмакчы.

Бир кылым мурда Кыргызстандын аймагында кабыл алынган соттук чечимдерди окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0