Паракор сот, атууга кеткен басмачылар, жатындан алынган түйүлдүк… Sputnik Кыргызстан агенттиги архивдик документтерди карап чыгып, 1925-жылда кабыл алынган айрым соттук чечимдерди сунуштайт.
Адам өмүрүн алган бакшы
© Sputnik / Табылды КадырбековАдам өмүрүн алган бакшы
Адам өмүрүн алган бакшы
Боюна бүтүп калган келин аборт кылдыруу үчүн Пишпектеги бүбүлөрдүн бирине жардам сурап барган. Медициналык билими жок аял аны кабыл алып, тажрыйбасына таянып жабырлануучунун жатынынан түйүлдүктү алып салган. Бирок окуя болгондон кийин бейтап катуу ооруп үч күндөн кийин ооруканада көз жумган. Укук коргоо кызматкерлери ыкчам иштерин жүргүзүп операция кылган жана ортомчу болгон аялды колго түшүргөн. Сот алардын бирөөсүн үч жылга, экинчисин бир жылга эркинен ажыраткан.
Жылкы уурдаган "санаалаштар"
© Sputnik / Табылды КадырбековЖылкы уурдаган "санаалаштар"
Жылкы уурдаган "санаалаштар"
Достор спирт ичимдигин ичип отуруп Лебединовка айылындагы малчынын короосунан жылкы уурдоону пландашат. Санаалаштар ошол эле күнү түн жамынып калганда бири мылтыгын, экинчиси темир кескичин көтөрүп алып төртөө кылмыш жасаганы жөнөшөт. Караңгыда жеңил акча табам деген эргулдарды үй ээси байкап калып, аларга ок чыгарып кубалаганга жетишкен. Кийинки күнү колго түшкөндөр күнөөсүн мойнуна алган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү 2-3 жылга кесилип кеткен.
Алкымы бузук сот
Арам акча тапкысы келген өзгөндүк сот көпчүлүктүн айласын кетирип куруткан. Ал жардам сурап кайрылгандардын биринин ишин жеңилдетүү үчүн 32 килограмм бал, 2,5 тонна буудай сураган. Бирок сот жоопкерчилигине тартылып жаткан жаран аны төлөй албай койгондуктан ордуна акча алган. Анысы аз келгенсип дагы бир жергиликтүү тургундун ишин оңунан чечип берем деп бир ичик, уйдун 8 килограмм майын, 16 килограмм сыр түрүндө пара алган. Алкымы күчтүү мамлекеттик кызматкер муну менен гана чектелбестен, камакта жаткан басмачыны эркиндикке чыгарууга сөз берип, акысына бир жылкы жана бир уй алмак болгон. Бирок көздөгөн ою ишке ашпай ал өзү соттолуп кеткен.
Атууга кеткен басмачылар
© Sputnik / Табылды КадырбековАтууга кеткен басмачылар
Атууга кеткен басмачылар
1916-жылдарда талап-тоноочулук менен алектенген 13 басмачы 20-жылдардан кийин колго түшкөн. Алар адам өлтүрүү, каракчылыкка шектелип мал-мүлкү толугу менен конфискацияланган. Кылмышкерлердин төртөө атууга кетип, калгандары үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылган.
Маалыматтар Борбордук мамлекеттик архивде сакталган документтерден алынды