ОШ, 1-мар. — Sputnik. Россияда иштеп жүрүп Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы өз үйүнө кайтып келген 54 жаштагы эркек кишини өлтүрүүгө шектелип 24-25 жаштардагы үч жигит колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, 25-февралда маркум өз үйүндө киши колдуу болгон. Маркумдун денесинин бир канча жеринде белгисиз темир буюм менен сайылган жаракаттар болгон. Ал Россияда эмгектенип, 2017-жылдын ноябрь айында үйүнө кайтып келген. Ал эми жубайы Түркияда эмгектенери аныкталган.
"Шектүү катары кармалгандардын бири каза болгон жаран менен Россияда чогуу иштеп келген. Алар 25-февралда акча алуу максатында үйгө кирип, маркумду башка балка, арматура менен урушкан. Үй ээси каза болгондон кийин 250 миң сомду алып, из жашырып кетишкен. Учурда тиешелүү беренелердин негизинде кылмыш иши козголду", — дешти милициядан.
Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.