Ош: бала бакчада 4 жашар баланы зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүБала бакчадагы өспүрүм. Архив
Бала бакчадагы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, шектүү шаардагы бала бакчалардын бирине кирип барган

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Ошто бала бакчада төрт жаштагы баланы зордуктоого аракет кылган деп шектелген кишинин үстүнөн жабырлануучунун ата-энеси милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Баланын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылышты. Кылмышка шектүү киши кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча, шектүү шаардагы бала бакчалардын бирине кирип барып, төрт жаштагы балага карата ыплас ишин ишке ашырууга аракет кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0