БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Ошто бала бакчада төрт жаштагы баланы зордуктоого аракет кылган деп шектелген кишинин үстүнөн жабырлануучунун ата-энеси милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
"Баланын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылышты. Кылмышка шектүү киши кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча, шектүү шаардагы бала бакчалардын бирине кирип барып, төрт жаштагы балага карата ыплас ишин ишке ашырууга аракет кылган.