Таш-Көмүрдөгү жол кырсыгы: каза болгон 8 адамдын бирөө беш жашар кыз

© Фото / пресс-служба МЧС КРДТП на трассе Бишкек — Ош с участием трех машин
ДТП на трассе Бишкек — Ош с участием трех машин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондордун бешөө эркек, экөө аял жана бирөө беш жашар кыз экени маалымдалды

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарындагы ири жол кырсыгынан 8 киши каза болуп, бирөө оор жаракат алганын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек — Кемин айланма жолунда эки автоунаа кагышты - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Кемин айланма жолунда эки автоунаа кагышты
Эскерте кетсек, Бишкек — Ош унаа жолунун 460 чакырымында 20-июлда болжол менен таңкы саат 6.00дө оор жүк ташуучу МАN унаасы менен Honda Stepwgn жана Honda Odyssey унаалары кагышып сегиз адам каза болгон. Алардын бешөө эркек, экөө аял жана бирөө баш жашар кыз экени аныкталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча бир жаран оор абалда Шамалды-Сай шаарындагы ооруканага жеткирилген. Анын мээсине доо кеткен.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облустук Кайгуул милиция башкармалыгы тарабынан атайын экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0