Өгөй кызын отко салган ата сөрөй аны сабап өлтүргөн

© пресс-служба УВД Джалал-АбадаӨлтүрүлгөн кыздын жаткан жайында тергөөчүлөр.
Өлтүрүлгөн кыздын жаткан жайында тергөөчүлөр. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жыл мурда болгон окуянын бети ачылды. Өгөй кызын өлтүргөнүн атасы мойнуна алган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. 2013-жылы март айында оорудан өлдү деген эки жаштагы Раянаны туугандары шариаттын жолу менен жерге берген. Бирок наристе башка жагдайда каза болгонун милиция кызматкерлери аныкташканын Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Арадан эки жыл өткөндөн кийин наристе киши колдуу болуп өлгөндүгү ачыка чыкты. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү делип 1979-жылы туулган Сузак районунун Кара-Чолок айылынын Ормон аттуу тургуну кармалды. Ал Раянанын өгөй атасы болгон.

© пресс-служба УВД Джалал-АбадаШектүүнүн көрсөтмөсү менен наристенин көмүлгөн жайы аныкталып, сөөгү эксгумациялынган.
1/2
Шектүүнүн көрсөтмөсү менен наристенин көмүлгөн жайы аныкталып, сөөгү эксгумациялынган.
© пресс-служба УВД Джалал-АбадаШектүү жаран кылган күнөөсүн моюнга алган.
2/2
Шектүү жаран кылган күнөөсүн моюнга алган.
1/2
Шектүүнүн көрсөтмөсү менен наристенин көмүлгөн жайы аныкталып, сөөгү эксгумациялынган.
2/2
Шектүү жаран кылган күнөөсүн моюнга алган.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, каргашалуу окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Чолок айылында 2013-жылдын март айында болгон. 

"Ормон аялынын ээрчитип келген өгөй кызы менен чогуу жашашкан. Өгөй ата кызды жек көргөн. Наристе кыз ыйлаак болгондугуна байланыштуу аны опузалап соротуу максатында, алгач үйдөгү мешке башын салып чекесинин жана маӊдай чачын күйгүзүп алган. Кийинкисинде, шымына сийип салган Раянаны шымы менен мештин үстүнө отургузуп, шымы этине жабышып калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Акчасы жок болгондуктан ооруканага алып барышкан эмес. Наристенин жараатына тиш пастасын сүйкөп айыктырууга аракет жасашкан. Андан көп өтпөй эле мас абалында келген өгөй ата горшокто ыйлап олтурган наристени көрүп жинденип телевизордун антенасынын зымы менен чапканда, күйүктөн калган башындагы тырыгы канап кеткен. Ыйлаган наристени колу менен башка-көзгө чапкан. Эс-учун жоготкон наристе ур-токмоко чыдабай жан берген деп айтылат милиция тараткан билдирүүдө.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зордуктоого шектелип 49 жаштагы жаран кармалды
Окуяны жашыруу максатында Ормон аялын коркутуп эч кимге айтпоосун талап кылган. Арадан эки ай өткөн соӊ алар ажырашып кетишкен. 

2015-жылдын 10-сентябрда Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул окуяга тиешеси бар деп өгөй атасы кармалып, жасаган кылмыш ишин мойнуна алган. Учурда ал камакта.

Шектүүнүн көрсөтмөсү менен наристенин көмүлгөн жайы аныкталып, соттук медициналык экпертиза дайындалып, наристенин сөөгү эксгумациялынган. Кылмышка шектүү жаранга Кылмыш- жаза кодексинин адам өлтүрүү фактысы менен кылмыш иши козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0