БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектин Бах көчөсү менен Түштүк магистралынын кесилишинде шаардын 23 жаштагы кызды зордуктоо фактысы катталганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу милицияга өзү арыз менен кайрылган. Анда 40-45 жаштар азиялык улуттагы белгисиз адам күч колдонуу менен сексуалдык катнашка мажбурлаганы айтылат.
Текшерүү иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 49 жаштагы жашоочусун кармашкан.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.