https://sputnik.kg/20211110/benzin-alternativa-orus-kyrgyz-fondu-1054542224.html
Кымбаттаган бензин: РКӨФ бул боюнча башка долбоор карап жатат
Кымбаттаган бензин: РКӨФ бул боюнча башка долбоор карап жатат
Sputnik Кыргызстан
Новиков айдоочуларга жеңилдик болуш үчүн Кыргызстандагы банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. 10.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-10T13:35+0600
2021-11-10T13:35+0600
2021-12-16T22:33+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
россия
дүйнөдө
бензин
газ
россиялык компаниялардын кыргызстандагы миссиясы
https://sputnik.kg/img/101725/01/1017250191_0:62:3291:1913_1920x0_80_0_0_d48c5d5c9834cca5e649a0f5ca2f46dc.jpg
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Газды автоунааларда күйүүчү каражат катары колдонууну көбөйтүү үчүн атайын долбоор каралып жатат. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков билдирди.Ал Кыргызстанга келген россиялык компаниялардын көп тармактуу эл аралык миссиясы менен жолугушууда сүйлөп жатып, аталган фонд учурда экология тармагында эки долбоорду даярдап жаткандыгын айтты.Төрага кийинчерээк журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, айдоочуларга газ жабдуусун алууга узак мөөнөттө, аз үстөк пайызда каражат бериши үчүн Кыргызстандагы банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.РКӨФ автоунаа ээлерине жогорудагы продукцияны пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында газ ташып келген компанияларга атайын кампаларды жана куюучу жайларды куруу боюнча колдоо болорун айтты.Новиковго бул долбоордун алкагында бензинди пайдалангандарды газга өткөрүү боюнча иштер жасалар, жасалбасын сурады.Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган иш-чаранын расмий медиа өнөктөшү болуп эсептелет.
https://sputnik.kg/20211110/novikov-kyrgyzstanga-rossiyadan-400-million-dollar-karazhat-tartylat-1054541199.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101725/01/1017250191_67:0:2798:2048_1920x0_80_0_0_0327763d6de6092b17290473bce1ed88.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, россия, дүйнөдө, бензин, газ, россиялык компаниялардын кыргызстандагы миссиясы
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, россия, дүйнөдө, бензин, газ, россиялык компаниялардын кыргызстандагы миссиясы
Кымбаттаган бензин: РКӨФ бул боюнча башка долбоор карап жатат
13:35 10.11.2021 (Жаңыртылды: 22:33 16.12.2021) Новиков айдоочуларга жеңилдик болуш үчүн Кыргызстандагы банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Газды автоунааларда күйүүчү каражат катары колдонууну көбөйтүү үчүн атайын долбоор каралып жатат. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков билдирди.
Ал Кыргызстанга келген россиялык компаниялардын көп тармактуу эл аралык миссиясы менен жолугушууда сүйлөп жатып, аталган фонд учурда экология тармагында эки долбоорду даярдап жаткандыгын айтты.
"Экинчи долбоор республика боюнча газды күйүүчү май катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн арттырууну көздөйт. Муну ишке ашыруу экологияга гана оң таасирин тийгизбестен, бензин кымбаттап жаткан азыркы учурда автоунаа айдагандардын чыгымын азайтат. Албетте, бул долбоорлор бир күндүк же бир жылдык эмес, андан сырткары өлкөнүн экологиялык жактан туруктуулугунун маанилүү бөлүгү болуп калмакчы", — деген Новиков.
Төрага кийинчерээк журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, айдоочуларга газ жабдуусун алууга узак мөөнөттө, аз үстөк пайызда каражат бериши үчүн Кыргызстандагы банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
10 Жетинин айы 2021, 12:42
РКӨФ автоунаа ээлерине жогорудагы продукцияны пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында газ ташып келген компанияларга атайын кампаларды жана куюучу жайларды куруу боюнча колдоо болорун айтты.
Новиковго бул долбоордун алкагында бензинди пайдалангандарды газга өткөрүү боюнча иштер жасалар, жасалбасын сурады.
"Биз жарандарыбызга ыңгайлуу, арзан жана пайдалуу жолун өздөрү тандап алышына альтернатива түзүп беребиз", — деген төрага.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган иш-чаранын расмий медиа өнөктөшү болуп эсептелет.