https://sputnik.kg/20211110/novikov-kyrgyzstanga-rossiyadan-400-million-dollar-karazhat-tartylat-1054541199.html
Новиков: жакынкы жылдары Россиядан 400 миллион доллар тартылат
Новиков: жакынкы жылдары Россиядан 400 миллион доллар тартылат
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысынын маалыматы боюнча, Кыргызстанга каражат Россия Федерациясынан эки багыт боюнча келет. 10.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-10T12:42+0600
2021-11-10T12:42+0600
2021-12-16T22:33+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
артем новиков
россиялык компаниялардын кыргызстандагы миссиясы
россия
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/0a/1054541040_0:33:1620:949_1920x0_80_0_0_0fce0d0002002eb3862ffbb3ebb9072e.jpg
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жакынкы жылдары Кыргызстанга Россиядан 400 миллион доллар тартылат. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков билдирди.Кыргызстанга россиялык компаниялардын Эл аралык көп тармактуу ишкер миссиясы келген. Новиков бизнесмендердин алдында сүйлөп жатып, алардан долбоорлор күтүлүп жатканын айтты.Новиков кошумчалагандай, 20 жыл ичинде өлкө бул инструментти толук өнүктүрүү үчүн лизинг рыногуна системаны түзүүчү ири инвесторлорду тарта алган эмес. Ал 20 жыл бою россиялык жана башка өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн, бирок бул долбоорго эч ким ишенбегенин айтты."Өлкө жетекчилигинин колдоосу аркасында фонд россиялык өнөктөштөр менен кыргыз рыногунда иш алып баруу үчүн толук кандуу лизингдик компания түзүү боюнча макулдашууга жетишти. Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус бизнес-форумунун жүрүшүндө россиялык "Нацпромлизинг" компаниясы менен "Нацпромлизинг-Кыргызстан" лизингдик компаниясын түзүү боюнча алдын ала макулдашуу болду. Бүгүн биз уюштуруу меморандумуна кол коюп, документтерди каттоого берүүгө даярбыз", — деген фонддун жетекчиси.Анын айтымында, бул компаниянын түзүлүшү менен жакынкы жылдары фонддун каражатынан сырткары Россиядан Кыргызстандын экономикасына кошумча 200 миллион доллар тартууга мүмкүндүк жаралат.Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу бул иш-чаранын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.
https://sputnik.kg/20211110/nikolaj-udovichenko-kyrgyzstan-eaehb-pajda-1054540442.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/0a/1054541040_0:0:1620:1019_1920x0_80_0_0_524cff4bec00c24ddc8c3dc01f538dce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, артем новиков, россиялык компаниялардын кыргызстандагы миссиясы, россия
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, артем новиков, россиялык компаниялардын кыргызстандагы миссиясы, россия
Новиков: жакынкы жылдары Россиядан 400 миллион доллар тартылат
12:42 10.11.2021 (Жаңыртылды: 22:33 16.12.2021) Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысынын маалыматы боюнча, Кыргызстанга каражат Россия Федерациясынан эки багыт боюнча келет.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жакынкы жылдары Кыргызстанга Россиядан 400 миллион доллар тартылат. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков билдирди.
Кыргызстанга россиялык компаниялардын Эл аралык көп тармактуу ишкер миссиясы келген. Новиков бизнесмендердин алдында сүйлөп жатып, алардан долбоорлор күтүлүп жатканын айтты.
"Жакында болгон талкуунун жүрүшүндө биз "Росэксимбанк" 2022-жылдын ичинде фонддун учурдагы ресурстарынан сырткары, фонд менен биргелешип каржылоо үчүн 200 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатты кошумча бөлүүнү макулдашканбыз. Сиздерден долбоорлорду күтөбүз", — деди ал.
Новиков кошумчалагандай, 20 жыл ичинде өлкө бул инструментти толук өнүктүрүү үчүн лизинг рыногуна системаны түзүүчү ири инвесторлорду тарта алган эмес. Ал 20 жыл бою россиялык жана башка өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн, бирок бул долбоорго эч ким ишенбегенин айтты.
10 Жетинин айы 2021, 12:00
"Өлкө жетекчилигинин колдоосу аркасында фонд россиялык өнөктөштөр менен кыргыз рыногунда иш алып баруу үчүн толук кандуу лизингдик компания түзүү боюнча макулдашууга жетишти. Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус бизнес-форумунун жүрүшүндө россиялык "Нацпромлизинг" компаниясы менен "Нацпромлизинг-Кыргызстан" лизингдик компаниясын түзүү боюнча алдын ала макулдашуу болду. Бүгүн биз уюштуруу меморандумуна кол коюп, документтерди каттоого берүүгө даярбыз", — деген фонддун жетекчиси.
Анын айтымында, бул компаниянын түзүлүшү менен жакынкы жылдары фонддун каражатынан сырткары Россиядан Кыргызстандын экономикасына кошумча 200 миллион доллар тартууга мүмкүндүк жаралат.
"Ошентип, ушул чечимдер гана жакынкы жылдарда Россиядан кеминде 400 миллион доллар тартууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады Новиков.
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу бул иш-чаранын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.