00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Промышленная кооперация в ЕАЭС: в каких сферах может подключаться Кыргызстан?
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Жооптуу бол!» акциясы: өлкөдө эркектерди жугуштуу эмес ооруларга акысыз текшерүү жүргүзүлүүдө
11:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
37 лет спустя: что объединяет кыргызстанцев, прошедших Афганскую войну
12:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
13:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭС, ОДКБ, ШОС: что Кыргызстан получает от интеграции
14:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан алгачкы ирет геопарктарды түзүүгө белсенүүдө. Долбоор тууралуу маек
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как и куда жаловаться: права граждан и обязанности госорганов
20:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан алгачкы ирет геопарктарды түзүүгө белсенүүдө. Долбоор тууралуу маек
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

РФ элчиси: Кыргызстан менен Россия кызматташууну дагы күчөтүшү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековIII кыргызско-российский бизнес-форум в Чолпон-Ате
III кыргызско-российский бизнес-форум в Чолпон-Ате  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Удовиченко суу жана гидроэнергетика тармагына көбүрөөк көңүл бурула баштаганын билдирди. Ал ошондой эле Бишкекте россиялык "Институт Гидропроект" ишканасы ачылганын эске салды.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын алдында аткара турган чоң иштер бар. Андыктан кызматташууну эки эсе активдештирүү керек. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчиси Николай Удовиченко Чолпон-Атада өтүп жаткан кыргыз-россия форумунда билдирди.

Анын айтымында, Россия адаттагыдай эле Кыргызстандагы өндүрүш базасын өнүктүрүүгө кол кабыш кылууга басым жасоодо.

"Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен токтоп калган өндүрүштөр жанданып, жаңылары түзүлдү. Россия эл аралык уюмдар аркылуу дагы жардам берип жатат. Учурда бир нече ири долбоор ишке ашты. Эми жаңы план даярдалып жатат. Жакынкы аралыкта Кыргызстандын өкмөтү тарабынан жактырылып ишке кирет деген үмүттөмүн", — деди элчи.

III кыргызско-российский бизнес-форум в Чолпон-Ате  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Ортого от жаккылары бар. Акылбек Жапаров орус тили боюнча чыккан чуу тууралуу
Удовиченко суу жана гидроэнергетика тармагына көбүрөөк көңүл бурула баштаганын билдирди. Ал ошондой эле Бишкекте россиялык "Институт Гидропроект" ишканасы ачылганын эске салып, чакан жана орто ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүктөрү изилдене турганын кошумчалады.

"Айрым кыйынчылыктардан кийин Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду ишин жандантканын канааттануу менен белгилегим келет. Учурда жаңы долбоорлор ишке ашып жатат. Бул фондунун потенциалы дагы да жогорулап, эффективдүү колдонуларына ишенем. Мен биздин ЕАЭБдин алкагындагы кызматташууну идеалдаштырууга даяр эмесмин. Анда экономикалык эмес багыттар боюнча дагы көйгөйлөр толтура. Жеке пикиримде, бизнес конструктивдүү ролун ойношу керек", — деди элчи.

Дипломат дүйнөдөгү жана аймактагы окуялардан улам инфляция процесси тездеп жатканын белгиледи. Ал ушул себептен улам өкмөт менен бизнес-кызматташуунун эффективдүү механизмдерин түзүү багытында ойлонушу керек.

"Биздин алдыбызда күзүндө жана жазында чоң иштерди аткаруу милдети бар. Эгер биз буга чейин активдүү иштешип келсек, эми эки эсе күчөтүү керек. Эң башкысы, аракетибизге көп акыл жумшашыбыз кажет", — деди элчи.

Бизнес-форумдун алкагында Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү сөз сүйлөйт. Пленардык жыйындан сырткары бир нече панелдик сессияларды өткөрүү пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0