Кыргызстандык авиакомпания Россиядан жаңы моделдеги эки учак алууну пландап жатат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүОткрытие международного авиационно-космического салона МАКС-2017
Открытие международного авиационно-космического салона МАКС-2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Кыргызстандын өкмөттөрү ортосунда жаңы учактар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандык авиакомпания Россиядан жаңы үлгүдөгү эки учак сатып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу Кыргыз-орус мамлекеттер аралык комиссиясынын жыйынында вице-премьер Аркадий Дворкович айтканын РИА Новости жазды.

"Sukhoi Superjet 100 үлгүсүндөгү учактар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Учактарды алуу боюнча техникалык жана каржылык маселелерди такташыбыз зарыл. Негизи заводдон жаңы чыккан эмес, бир аз учуп калган учактарды берели деп жатабыз. Анткени алар текшерүүдөн өтүп бүтүштү. Ал эми келечекте "МС-21" аба кемесин дагы алса болот. Өнөктөштөрүбүз анын дагы атаандаштыкка жакшы туруштук берерин түшүнөт деп ишенем", — деди Дворкович.

"Коммерсант" басылмасы жазганына караганда, учак алууну "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы пландап жатат.

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүSukhoi Superjet 100 (SSJ100) — Россияда чыгарылган жүргүнчү ташуучу учак.
Sukhoi Superjet 100 (SSJ100) — Россияда чыгарылган жүргүнчү ташуучу учак. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Sukhoi Superjet 100 (SSJ100) — Россияда чыгарылган жүргүнчү ташуучу учак.
© Фото / Департамент PR Корпорации "Иркут" / Медиабанкка өтүүМС-21 учагы
МС-21 учагы - Sputnik Кыргызстан
2/2
МС-21 учагы
1/2
Sukhoi Superjet 100 (SSJ100) — Россияда чыгарылган жүргүнчү ташуучу учак.
2/2
МС-21 учагы

Sukhoi Superjet 100 (SSJ100) — Россияда чыгарылган жүргүнчү ташуучу учак. Бортуна 98ге чейин жүргүнчү батырган аба кемеси болжол менен 4,4 миң чакырымга жете алат. Биринчи жолу абага 2008-жылдын май айында көтөрүлгөн. Ал эми жүргүнчү ташуу боюнча каттамдар 2011-жылы аткарыла баштаган.

 "МС-21" — 150-211 жүргүнчүнү батырган перспективдүү учак. Ал "Ту", "Як" жана "Ан" сыяктуу советтер союзунун учактарынын ордуна басат. Буга чейин "Иркут" компаниясы алгачы учак 2018-жылы чыгырыларын кабарлаган. 

Эске салсак, "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы 2017-жылдын ноябрь айында каттамдарын токтоткон. Буга компаниянын жалгыз учагы ремонтко туруп калганы себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0