Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Таллинде баш байге алды

© Sputnik / Нургуль МаксутоваКыргызстандык режиссер Темир Бирназаровдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандык режиссер Темир Бирназаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калыстар конкурска келген 18 тасманын ичинен Бирназаровдун эмгегин мыкты деп баалаган

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Таллин шаарында өткөн эл аралык "Темные ночи" кинофестивалында баш байге катары 10 миң евро алганын rus.err.ee сайтында маалымдалды.

Калыстар конкурска келген 18 тасманын ичинен Бирназаровдун эмгегин мыкты деп баалаган.

"Темные ночи" кинофестивалынын директору Тийна Локктун айтымында, кыргызстандык режиссердун тасмасы аларга эң акыркы мүнөттөрдө келип түшкөн.

Ак илбирстин тукуму тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз керемети: тарыхта калчу 10 тасма
Фильмде жалгыз бой, учурда сүйүүнү башынан өткөрүп жаткан карыя тууралуу баяндалат. Ал кызга ашык болуп калат. Тасманын жүрүшү дал ушул сезимди ачып берүүгө арналган.

Таллинде өтчү PÖFF кинофестивалы дүйнөдөгү эң кадырлуу 20 фестивалдын катарына кирет. Фестиваль башында Батыш Европанын тасмаларын элге таанытуу максатында чакан гана сынак катары уюшулган.

Ал эми 2014-жылдан тарта бул фестиваль А категориясына кирет. Башкача айтканда Канн, Венеция жана Берлин кинофестивалдары сыяктуу дүйнөлүк абройго ээ дегенди түшүндүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0