Кыргыз киносу убагында бир гана Советтер Союзунда эмес, бүткүл дүйнөгө атагы чыгып гүүлдөп турган. Режиссерлор Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, актер Сүймөнкул Чокморов жана жазуучу Чыңгыз Айтматов легендарлуу тасмалар тартылган "Кыргыз керемети" доорун түптөшкөн. Ал эми Кыргызстандын жаңы тарыхында Темир Бирназаров, Актан Арым Кубат жана Эрнест Абдыжапаров баштаган режиссерлор кыргыз киносуна жаңы күч берип азыркы абалга чыгышына өбөлгө болушту. Тарыхыбыздагы эң мыкты 10 кыргыз тасмасын аныктап, алар боюнча кино тармагындагы белгилүү инсандардын пикирин уктук.
1. Биринчи мугалим (1965-жыл)
Режиссеру: Андрей Коначаловский
Эрнест Абдыжапаров, режиссер:
Кыргыздар тасмага адамдык баалуулуктар эмес, кур намыс менен баа берет. Өзүбүздүн намысыбызга тийген тасмаларды такыр жактырбайбыз. "Биринчи мугалим" ошондой тасмалардын бири. Азыр деле бул тасма кыргызды уят кылат деген пикир бар. "Биринчи мугалимде" феодализмден социализмге өтүп жатканда кандай курмандыктар, кыйынчылыктар болду эле деген маселе кинонун тили менен көркөмдүү түрдө көрсөтүлгөн. Биз тасманын маанилүүлүгүн убагында баамдай албай калганбыз. Режиссер Андрей Кончаловскийге учурунда ыраазычылык билдире албадык. Азыркы учурда кыргызстандыктардын дүйнөнү дүңгүрөтүп жатканы убагында арип тааныгандыктан, билим алгандыктан улам болуп жатат. "Биринчи мугалим" ошол караңгылыктан чыгуу аракетин мыкты көрсөткөн.
2. Бакайдын жайыты (1966)
Режиссеру: Төлөмүш Океев
Темир Бирназаров, режиссер:
"Бакайдын жайыты" бул толук кандуу шедевр тасма. Фильмде эки цивилизациянын кагылышуусу мыкты көрсөтүлгөн. Тасмадагы Бакайдын образы ошол убактагы жалпы көчмөн калктын образын сүрөттөйт. Көчмөн цивилизациясынын ордуна жерди, сууну, жан-жаныбарды талкалаган агрессивдүү техникалык цивилизациянын келе жатканы көрсөтүлөт. Ошол эки цивилизациянын кагылышуусу бүркүттүн образы менен мыкты көргөзүлгөн терең кино.
3. Саманчынын жолу (1967)
Режиссеру: Геннадий Базаров
Айбек Дайырбеков, режиссер:
Геннадий Базаров Чыңгыз Айтматовдун чыгармасын түздөн-түз бербестен, өзүнүн да көз карашын мыкты кошо билген. Негизи эле тасманын темасы түбөлүктүү. Эне жана Жер Эненин образы азыр да актуалдуулугун жогото элек. Согуш маалында да, азыркы эгемен күндө да кыргыз аялдарынын түйшүгү оор. Тасманы каза берсек түбү кенен. Ал бизди теңирчиликке чейин алып барат. Кыргыздар байыртан эле энени ыйык тутуп келген.
4. Ак Мөөр (1969)
Режиссеру: Мелис Убукеев
Садык Шер-Нияз, режиссер:
"Ак-Мөөрдүн" тартылышы кино дүйнөсүндө жаңылык болгон. Анткени, азыр даниялык режиссер Ларс Фон Триер тарткан "Догвилль" сыяктуу тасмаларды минимализм үлгүсүндө мыкты тартылган деп даңазалап жатпайбызбы. А чындап келгенде бул түр мурда эле болгон. Ошолордун бирине "Ак Мөөр" кирет. Аябай минималисттик түрдө тартылганы менен көркөмдүгү өтө терең. Режиссердун табылгалары аркылуу көрүүчүлөрдүн эсинде биротоло калган мыкты сценалары көп. Мелис Убукеевдин чеберчилигин туу чокуга чыгарган тасма.
5. Ак кеме (1975)
Режиссеру: Болот Шамшиев
Эрнест Абдыжапаров, режиссер:
"Ак кеме" тасмасы убагында цензурадан улам бир аз өзгөрүп кеткен. Бирок буга режиссер күнөөлүү эмес. Ошентсе да тасма Советтер Союзундагы терс көрүнүштөрдү сындаган, советтик жолдун туңгуякка бара жаткандыгын алдын ала көрсөткөн. Мындан улам "Ак кеме" биздин эгемендикке жетишибизге чоң салым кошкон десек жаңылышпайбыз. Режиссердун эң мыкты тасмасы деп айта алабыз.
6. Ак илбирстин тукуму (1984)
Режиссеру: Төлөмүш Океев
Бакыт Мукул, режиссер:
"Ак илбирстин тукуму" ансыз деле сонун тасмалары көп Төлөмүш Океевдин мыкты эмгектеринин бири. Эң абройлуу кинофестивалдардын бири болгон Берлинде "Күмүш аюу" сыйлыгын уткан. Бул байге кино тармагында Кыргызстандын алгачкы эң чоң жетишкендиги болгон. Тасма биздин эпосторубуздун бири болгон "Кожожаштын" негизинде тартылган. Режиссер Кожожаш аңчыны бир тараптуу баатыр кылып көрсөткөндөн качкан. Кыйын кезеңде элин баккан адам катары сүрөттөп, ошол эле убакта жаратылышты талкалаган инсан катары чагылдырган. Табияттын ыйыктыгын, аны талкалоонун убалы оор болорун айткан. Режиссер өз оюн мыкты жеткиргендиги үчүн дүйнө коомчулугу да тасмага жогорку баасын берген.
7. Селкинчек (1993)
Режиссеру: Актан Арым Кубат
Нурлан Абдыкадыров, режиссер:
"Селкинчек" Актан Арым Кубаттын эң мыкты тасмасы десек жаңылышпайбыз. Бул тасмада Актан өзүнүн негизги кесиби болгон сүрөтчүлүгүн өтө мыкты көрсөтө алган. Адам баласындагы эң күчтүү сезим болгон сүйүүнү жогорку деңгээлде чагылдырган, кайгылуу сүйүүнү үнсүз жаратылыш аркылуу көрсөткөн поэзиялык чыгарма. Режиссердун эмгектеринин туу чокусу.
8. Айыл өкмөтү (2004)
Режиссеру: Эрнест Абдыжапаров
Асел Жураева, режиссер:
"Айыл өкмөтү" ошол мезгилдеги адамдардын, турмуштун атмосферасын жана жалпы эле абалын ар бир сахнасы аркылуу жеткиликтүү бере алган. Режиссердун көз карашы, актерлордун ойногону чындыкка аябай жакын болгондуктан даректүү тасма көргөндөй болосуң. Ошол эле убакта, турмуштун ачуу чындыгын юмор аркылуу чагылдырган. Бул, албетте, режиссердун ийгилиги.
9. Белгисиз маршрут (2009)
Режиссеру: Темир Бирназаров
Султан Раев, драматург:
"Белгисиз маршурттун" соңку кыргыз тарыхындагы орду өтө чоң. Себеби, режиссер биздин өлкөнүн, коомдун жалпы эле турмуштун чындыгын кичинекей элемент менен берген. Биз чындап эле ошол убакта өзүбүздүн багытыбызды аныктай албай, келечегибизди көрө албай жүрдүк. Менимче, кинодо ачуу гротеск жана сарказм аралашкан комедия аркылуу чындыкты айтып берүү өтө татаал нерсе. "Белгисиз маршурт" комедия менен трагедияны эриш-аркак алып кетет. Бул тасма азыр деле актуалдуулугун жогото элек. Себеби биз дале болсо өзүбүздүн "маршрутубузду" аныктай элекпиз. Бирназаровдун бул фильми азыркы турмушубуздун күзгүсү. Эгер өзүбүздү көргүбүз келсе "Белгисиз маршрутту" көрүшүбүз керек.
10. Ата керээзи (2016)
Режиссерлору: Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу
Гүлбара Төлөмүшова, кино сынчы:
"Ата керээзинде" жаңыча ойлонгон жаңы доордун адамы көрсөтүлөт. Тасмадагы жаш жигит олуттуу, максатына жете билген, бир нерсе айтаар же жасаар алдында ойлонгон каарман. Атасынын элесин урматтаган жигит. Ал эмоциялык жактан оор болгон окуяларды басып өтүп, атасынын жаркын элесин киндик каны тамган айылда оң тараптан көрсөтөт.