00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
3 мин
Об экономике и не только
Правила и риски криптовалютных инвестиций: советы экономиста
20:04
42 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жашоо, сүйүү балдардын көзү менен. Калаада "Карек" кинофестивалы өттү

© Фото / Мадияр Султан уулуРеспубликалык балдар жана өспүрүмдөр арасындагы "Карек" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
Республикалык балдар жана өспүрүмдөр арасындагы Карек кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалга 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар катышып, анда 15 тасма ат алышкан.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Республикалык балдар жана өспүрүмдөр арасындагы "Карек" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине "Карек" балдар кинофондусунун жетекчиси Толкун Дайырбекова билдирди.

Анын айтымында, быйылкы кинофестивалга катышуу үчүн 75 тасма түшүп, анын ичинен конкурстук программадан 15 тасма гана өткөн. Сыйлык тапшыруу аземинде катышуучулар кино жаатындагы белгилүү адамдар менен жетелешип кызыл килемден өтүштү.

© Фото / Мадияр Султан уулуРеспубликалык балдар жана өспүрүмдөр арасындагы "Карек" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
Детско-юношеский кинофестиваль Карек - Sputnik Кыргызстан
Республикалык балдар жана өспүрүмдөр арасындагы "Карек" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

"15 тасманын ичинен калыстар тобу 10 фильмди мыкты деп тандап, ар кандай номинацияда байге тапшырды. Алсак, 17 жаштагы Малика Куштарованын "Мальчик который выжил" деген фильми мыкты анимациялык тасма аталды. Ал эми мыкты даректүү тасма катары Дмитрий Виноградов менен Жакшылык Шералиевдин "Менин сүйүүм" фильми тандалса, Салим Ногойбеков жана Тимофей Власовдун "Ботаник" тасмасы мыкты көркөм тасма номинациясын жеңип алды. Балдарга баалуу сыйлык катары атайын статуэтка жана фотоаппарат, планшет тапшырылды", — деди Дайырбекова.

Экинчи жылы өткөрүлүп жаткан "Карек" кинофестивалынын башкы максаты — интернет, техниканын заманында балдарды бош отургузбай пайдалуу иш жасоого үндөө.

Съемки фильма Ата - Sputnik Кыргызстан
Эч нерсе болгон жок, сизди сагындым... Апаны ардактаган "Ата" тасмасы
"Эки жылда бизге 163 тасма келип түштү. Ар бир тасманын үстүнөн жок дегенде беш баладан турган топ иштеди. 163 баланы бешке көбөйтсөң аз дегенде 600 бала бир тасманын үстүнөн ойлонуп, тартып, монтаждап чоң эмгек жасайт. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Былтыр балдар көбүнчө миграция маселесине токтолсо, быйыл алгачкы сүйүүлөрүн, балдардын жашоосун көп чагылдырышыптыр. Тасмаларынын сапаты, тартуу жагынан да бир топ такшалышкан. Кинофестиваль буюрса кийинки жылы да уланат", — деди Дайырбекова.

© Фото / Мадияр Султан уулуБыйылкы кинофестивалга катышуу үчүн 75 тасма түшүп, анын ичинен конкурстук программадан 15 тасма гана өткөн
Быйылкы кинофестивалга катышуу үчүн 75 тасма түшүп, анын ичинен конкурстук программадан 15 тасма гана өткөн - Sputnik Кыргызстан
1/3
Быйылкы кинофестивалга катышуу үчүн 75 тасма түшүп, анын ичинен конкурстук программадан 15 тасма гана өткөн
© Фото / Мадияр Султан уулуСыйлык тапшыруу аземинде катышуучулар кино жаатындагы белгилүү адамдар менен жетелешип кызыл килемден өтүштү
Сыйлык тапшыруу аземинде катышуучулар кино жаатындагы белгилүү адамдар менен жетелешип кызыл килемден өтүштү - Sputnik Кыргызстан
2/3
Сыйлык тапшыруу аземинде катышуучулар кино жаатындагы белгилүү адамдар менен жетелешип кызыл килемден өтүштү
© Фото / Мадияр Султан уулуЭкинчи жылы өткөрүлүп жаткан "Карек" кинофестивалынын башкы максаты — интернет, техниканын заманында балдарды бош отургузбай пайдалуу иш жасоого үндөө.
Экинчи жылы өткөрүлүп жаткан Карек кинофестивалынын башкы максаты — интернет, техниканын заманында балдарды бош отургузбай пайдалуу иш жасоого үндөө. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Экинчи жылы өткөрүлүп жаткан "Карек" кинофестивалынын башкы максаты — интернет, техниканын заманында балдарды бош отургузбай пайдалуу иш жасоого үндөө.
1/3
Быйылкы кинофестивалга катышуу үчүн 75 тасма түшүп, анын ичинен конкурстук программадан 15 тасма гана өткөн
2/3
Сыйлык тапшыруу аземинде катышуучулар кино жаатындагы белгилүү адамдар менен жетелешип кызыл килемден өтүштү
3/3
Экинчи жылы өткөрүлүп жаткан "Карек" кинофестивалынын башкы максаты — интернет, техниканын заманында балдарды бош отургузбай пайдалуу иш жасоого үндөө.

Фестивалда мыкты көркөм фильм аталган "Ботаник" тасмасынын режиссеру Салим Ногойбеков жеке мектептердин биринде 8-класста окуйт. Тасма тартуу жөн гана хоббиси экенин айтты.

"Бул менин алгачкы тасмам болду. Сценарий жазууга атам жардам берип, досторум менен бирге бул чыгарманы жараттык. Тасма окуучу баланын жашоосу тууралуу", — деди Салим.

Фестивалга 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар-кыздар катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0