Эч нерсе болгон жок, сизди сагындым... Апаны ардактаган "Ата" тасмасы

© Фото / Чолпонбек МаматовСъемки фильма "Ата"
Съемки фильма Ата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында "Ата" тасмасы тар чөйрөгө көрсөтүлдү. Жаңы тасмага күбө болгон колумнист Исмаил Мамытов кино тууралуу өз ою менен бөлүштү.

— Апа, мен сизди жакшы көрөм!
— Мен да сени жакшы көрөм балам. Эмне болду?
— Эч нерсе болгон жок, апа. Сизди сагындым…

"Ата" тасмасын көрүп чыккандан кийин дароо апама чалып, сыр төгүшө сүйлөштүк. Апамдын үнүн уккан сайын ичимден жаратканга шүгүр келтирип, рахматымды айтып жаттым. Апамдын мээрими, жылуулугу телефондон мага жетип, мен ошол жылуулуктун көлүнө чөмүлүп жаттым. Буга чейин апам менен телефондон байма-бай сүйлөшсөм да бул жолкусу башкача, өзгөчө болду. Бул учурда мен өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу адам сезип, апасыз калгандарды ойлоп жүрөгүм ооруду.

Борбор калаадагы Манас кинотеатрында Ата социалдык драмасы тар чөйрөгө көрсөтүлдү - Sputnik Кыргызстан
"Ата" тасмасы тар чөйрөгө көрсөтүлдү
Менимче "Ата" тасмасын көрүп чыккандардын көпчүлүгүн эле ушундай ой басып, кинотеатрдан элжиреп гана чыгышты. Ыйдан улам көздөрү шишип, беттери кызарганы менен жайнап турушту. Анткени тасма бирде ыйлатса, кайра эле күлдүрөт экен. Күлкү менен ыйды, жашоонун кыйынчылыгы менен жыргалчылыгын, кара менен акты, барчылык менен жокчулукту, достук менен кастыкты так көрсөткөн, эң негизгиси ата менен апаны жуурулуштурган, бири-бирисиз жашоо жок экендигин көрсөткөн тасма болуптур. Атанын орду зор экендиги, апасыз болсо кор экендиги көрсөтүлгөн. Бул тасмадан кийин көп аялдуулук боюнча талашка чекит коюлчудай.

Актердук курамды баса белгилеп кетпесек болбойт. Учурдагы эң эле таланттуу, аты чыккан мыктылар тартылыптыр. Болот Тентимишов атанын образын көркүнө келтирсе, Аскат Сулайманов кино бүткөнчө боорду эзди. Азиз Мурадиллаев, Азамат Улановдорду айтпасак да мыкты экендиги айдан ачык. Назюнун ролун жараткан Айике Туратбекованын талантына таазим. Жаш экендигине карабай мыкты аткарыптыр. Жылдыздуу, жүзүндө нуру бар карындашыбызга кең келечек каалайбыз. Буюрса өлкөнүн атагын арттырган мыкты актриса болорунан күмөнүбүз жок. Бакыт Осмонканов байкебиз бул ирет мыкты команда чогулткан экен.

Актер, участник сборной Тамашоу Бакыт Осмонканов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Осмонканов: мен өзүмдү актермун деп эсептебейм
Унааны айдап бара жаткан ата алаксып кетип алдынан чыга калган адамды коюп кетейин деп токтоп калганда залдагылар "ууу" деп жибердик. Ух, сүзбөй калды дегиче болбой капталдан келген унаа "карс" этти. Көрөрман үчүн ушундай күтүлбөгөн, тасманы көркүнө чыгарган учурлар кино бүткүчө адамды кызыктырып турат. Албетте, тасма болгон соң кемчиликтер да кетет. Бирок жакшы жагы көп болгондуктан алар көзгө көрүнбөй калат экен.

Үнү алдыга кетип, актерлордун кыймылдаганы артта калган, жарымына келгенде көрүүчүлөрдү уктаткан эмес, ыйлатып туруп кайра күлдүрүп койгон, жаштар үчүн тарбиясы жакшы тасма болуптур. Жаратуучуларга алкыш.

Жаңылыктар түрмөгү
0