БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Халич аймагындагы Сүтлүже паркына "Манастын" айкели орнотулганын Темирлан Сарлыкбек уулу билдирди.
Белгилей кетсек, аталган айкелди Сарлыкбек уулу өзүнүн демилгеси жана каржылоосу менен жасатып, койдурткан.
Буга чейин Сүтлүже паркынан Стамбул мэриясы атайын жер бөлүп берген.
Манас баатырдын айкелин Токталы Мурзакаримов, Садабек Ажиев, Сейитбек Калбаев жана башкалар жасаган.
Түркиядагы "Кыргызстан достук жана маданият коомунан" маалымдашкандай, айкелдин ачылышы 9-августта болуп, ага КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышат.
Сүтлүже паркында 1458-жылы курулган Эйүп Султан мечити, Миниатүрк музейи жана башка көптөгөн Түркиянын тарыхый имараттары жайгашкан. Парк Стамбулдун Европа тарабында орун алган.