Стамбулга "Манастын" айкели орнотулду

© Фото / Facebook / Temirlan Sarlykbek UuluТүркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Халич аймагындагы Сүтлүже паркына "Манастын" айкели
Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Халич аймагындагы Сүтлүже паркына Манастын айкели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айкелдин ачылышы 9-августта болот

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Халич аймагындагы Сүтлүже паркына "Манастын" айкели орнотулганын Темирлан Сарлыкбек уулу билдирди.

Белгилей кетсек, аталган айкелди Сарлыкбек уулу өзүнүн демилгеси жана каржылоосу менен жасатып, койдурткан.

© Фото / Facebook / Temirlan Sarlykbek UuluТүркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Халич аймагындагы Сүтлүже паркына "Манастын" айкели орнотулду
Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Халич аймагындагы Сүтлүже паркына Манастын айкели орнотулду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Халич аймагындагы Сүтлүже паркына "Манастын" айкели орнотулду
© Фото / Facebook / Temirlan Sarlykbek UuluБелгилей кетсек, аталган айкелди Сарлыкбек уулу өзүнүн демилгеси жана каржылоосу менен жасатып, койдурткан.
Белгилей кетсек, аталган айкелди Сарлыкбек уулу өзүнүн демилгеси жана каржылоосу менен жасатып, койдурткан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Белгилей кетсек, аталган айкелди Сарлыкбек уулу өзүнүн демилгеси жана каржылоосу менен жасатып, койдурткан.
1/2
Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Халич аймагындагы Сүтлүже паркына "Манастын" айкели орнотулду
2/2
Белгилей кетсек, аталган айкелди Сарлыкбек уулу өзүнүн демилгеси жана каржылоосу менен жасатып, койдурткан.

Буга чейин Сүтлүже паркынан Стамбул мэриясы атайын жер бөлүп берген.

Манас баатырдын айкелин Токталы Мурзакаримов, Садабек Ажиев, Сейитбек Калбаев жана башкалар жасаган.

Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
Жылдын аягына чейин Бишкекке Чокморовдун айкели коюлат
Сарлыкбек уулу баатырдын келбетин иштеп чыгууда жардам бергендер — кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев, академик Абдылдажан Акматалиев, илимдин доктору Аскар Медетов, манасчылар Рыспай Исаков, Улан Исмаилов, Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Ибрагим Жунусов жана Саякбай Манасчы коомдук фондуна жана айкелди орнотууда жардам берген бардык тараптарга ыраазычылыгын билдирди.

Түркиядагы "Кыргызстан достук жана маданият коомунан" маалымдашкандай, айкелдин ачылышы 9-августта болуп, ага КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышат.

Сүтлүже паркында 1458-жылы курулган Эйүп Султан мечити, Миниатүрк музейи жана башка көптөгөн Түркиянын тарыхый имараттары жайгашкан. Парк Стамбулдун Европа тарабында орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0