00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кеп казына. Сөз дулдулун таптаган тоо булбулу Токтогул

© Пресс-служба правительства КРТоктогул Сатылгановдун 150 жылдыгына орнотулган айкели. Архив
Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына орнотулган айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, кыйчалышта сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Кыргыздын чыгаан төкмө акыны, ойчул, комузчу жана композитор Токтогул Сатылганов 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Сасык-Жийде айылында туулган. 

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүКыргыздын чыгаан төкмө акыны, ойчул, комузчу жана композитор Токтогул Сатылганов
Токтогул Сатылганов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын чыгаан төкмө акыны, ойчул, комузчу жана композитор Токтогул Сатылганов

Бала кезинен ыр-күүгө шыгы бар экени байкалып, 13 жашынан тарта ырлары айылга тарай баштаган. Айтууга караганда атасы Сатылган, апасы Бурма да жандуу сөз өнөрүнө ышкылуу болушкан экен.

Комуз чертип жаткан акындын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Жүрөгүндө ыйман, акылында билими бар Молдо Кылыч
1898-жылы июнь айында Токтогул кармалып, аны 3-августта согуштук талаа соту соттоп, өлүм жазасына өкүм чыгарган. Андан кийин ал 25 жылдык сүргүнгө алмаштырылган.

Акындын белгилүү күүлөрү болуп "Ботой", "Кыз кербез", "Чоң кербез", "Мырза кербез", "Миң кыял" ж.б.

Токтогул Сатылгановдун чыгармалары чыныгы турмуштан алынып, карапайым калктын жашоосун таасын сүрөттөп, таалим-тарбиялык мааниси зор. Буга анын төмөндөгү ыр саптары мисал боло алат.

Кайраттуу болор жигиттин
Оту болот көзүндө.
Айткан кебин орундап,
Туругу болот сөзүндө.

***

Көптүк кылба жалгызга,
Көп тийбегин байкушка.
Чоңдук кылба жалгызга,
Чоң сүйлөбө байкушка.

***

Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо,
Жай-жайына койсочу.

Кызыл оңбос болсочу,
Кыз бурулбас болсочу,
Көгөргөнү чын болсо,
Гүлдөр соолбос болсочу.

***

Жаш кезиңде жаркылдап,
Эмгегиңден талбагын.
Карыганда калп айтып,
Көрүнгөн жерге барбагын.
Баркың кетип карганда,
Шүмшүк болуп калбагын.

***

Канды кудай ураарда,
Калкына жаман кас болот.
Байды кудай ураарда,
Дөөлөтүнө мас болот.

Кышты кудай ураарда,
Күн жылымдап, жаз болот.
Эрди кудай ураарда,
Элүүсүндө жаш болот.

***

Түрүнүп иштеп эр жигит,
Тишиң барда таш чайна.
Ирээтиңди түзөтүп,
Иштебесең, аш кайда?
Эгин айдап, чөбүң чап
Эмгегиңден пайда тап.
Азамат болсоң, ак иштеп,
Аздыр-көптүр малың бак!

***

Келериңде, дүнүйө,
Аргымак минип ойнойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Айланып учкан торгойсуң.
Ала кар жаткан бийиксиң.
Кетериңде, дүнүйө,
Мергенден качкан кийиксиң.
Келериңде, дүнүйө.

Жаңылыктар түрмөгү
0